Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун жаңы дайындалган судьясы Алмаз Калыбаевди жамаатка тааныштыруу боюнча иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев катышып, ага сөз берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев жаңы судьяны жамаатка тааныштырып, Жогорку сот тажрыйбалуу жана жогорку кесипкөй кадрлар менен толукталып жатканын белгиледи.
Өз сөзүндө Медербек Сатыев Алмаз Калыбаев сот тутумунда көп жылдык тажрыйбага ээ экенин, өзүн принципиалдуу, жоопкерчиликтүү жана жогорку квалификациялуу адис катары көрсөтүп, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин туруктуу карманып келгенин баса белгиледи.
Төрага Алмаз Калыбаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына дайындалышы менен куттуктап, бул кызмат жогорку жоопкерчиликти, терең кесиптик билимди жана кынтыксыз абройду талап кыларын белгиледи.
«Жогорку сот – өлкөнүн эң жогорку сот органы, мыйзам үстөмдүгүнүн, адилеттүүлүктүн жана коомдук ишенимдин символу. Сиздин кесиптик тажрыйбаңыз жана жеке сапаттарыңыз жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарууга жана сот адилеттигин камсыздоого олуттуу салым кошот деп ишенем», — деди Медербек Сатыев.
Өз сөзүнүн аягында Төрага жаңы судьяга чың ден соолук, туруктуулук жана кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жыйынтыгында Медербек Сатыев Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясында иштөөгө сунуштады.
Иш чаранын соңунда Жогорку сот Кыргыз Республикасынын сот тутумун ырааттуу өнүктүрүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо иштерин улантып жатканы белгиленди.

