Медиатор Авазбек Шамшиев Ош облустук жана административдик сотунун аппарат кызматкерлерине медиация түшүнүгү, коомдо колдонулушу жана жайылуусу боюнча лекция окуду.
Медиация- бул талашкан тараптардын макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен, тактап айтканда медиатордун көмөк көрсөтүүсүндө чыр-чатактарды жөнгө салуунун жол-жобосу же талаш-тартыштын альтернативдүү чечилүүсүнүн эң жумшак формасы болуп эсептелет.
Медиаторго кайрылган жарандардын жеке кызыкчылыктары толугу менен сыр катары сакталат. Анткени талаш-тартыштардын чечилүүсүндөгү купуялуулук кепилдиги медиация мыйзамында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасында “Медиация жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирген. Бул Мыйзам талаштарды жөнгө салуу боюнча медиациясын колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.