2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери менен видеоконференцбайланыш форматында жыйын өткөрүлдү. Иш-чара Жогорку соттун Соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Жыйындын максаты — статистикалык отчет формаларына киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү жана жаңыланган формаларды туура толтуруу боюнча окутуу болду.
Соттук статистиканы талдоо жана чогултулган маалыматтардын сапатын жогорулатуу максатында колдонулуп жаткан отчет формалары кайрадан каралып чыкты. Натыйжада, мурдагы кемчиликтер жоюлуп, формалар оңдолуп жана толукталды. Мындан тышкары, айрым иш категориялары боюнча жаңы статистикалык отчет формалары иштелип чыкты.
Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы формалардын киргизилиши соттук статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртуу муктаждыгынан эле эмес, ошондой эле судьялардын ишмердүүлүгүн баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жаңы нормалардын ишке кириши менен да шартталган. Жаңыланган отчёттор боюнча жыйынтык көрсөткүчтөр жогорку натыйжаларга жетишкен соттор менен судьялардын жылдык рейтингин түзүүнүн негизин түзөт.
Жыл жыйынтыгы менен иш көрсөткүчтөрү жогору болгон мыкты соттор жана өзгөчөлөнгөн судьялар аныкталат. Жеңүүчүлөргө өтмө кубок тапшырылып, ошондой эле материалдык сыйлыктар каралган. Бул ыкма бардык деңгээлдеги соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жыйында катышуучуларга формаларды туура толтуруунун принциптери кеңири түшүндүрүлүп, практикалык сунуштар берилди. Мындай кеңешмелерди өткөрүү маалыматтарды жыйноонун бирдиктүү методологиясын калыптандырууга, мониторинг системасын бекемдөөгө жана сот системасынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жардам берет.