KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук соту 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

06 февраля 2023

2023-жылдын 6-февралында Баткен облустук сотунда облустук  соттун судьялары, шаардык   жана  райондук   соттордун  төрагалары жана судьяларынын катышуусунда Баткен областынын жергиликтүү сотторунун 2022-жылынын ишмердүүлүгү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.


Кеңешменин ишине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов жана Нургуль Бакирова, ошондой эле Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова катышышты. Мындан тышкары, Баткен облустук сотунун, шаардык жана райондук соттордун судьялары катышышты.


Баткен облустук сотунун төрагасы Жыргалбек Жамангулов күн тартибиндеги маселелерге токтолду.


Алгач, Баткен облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Алмазбек Апышев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Замирбек Алгожоев жана административдик иштер боюнча төраганын орун басары Бакыт Ибраимовдордун баяндамалары угулуп,   айрым кемчиликтер  боюнча   жүргүзүлгөн анализдер да ортого салынды.


Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2022-жылы Баткен облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан жалпысынан 4348 иш жана соттук материалдар каралып, 2021-жылга салыштырмалуу 31,7% га көп каралган. Анын ичинен 409 иш боюнча сот актылары апелляциялык тартипте даттанылып (2021-жылы 444 иш жана соттук материалдар даттанылган), бул 7,8% га аз.


Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыш жана жарандык иштерин кароодо апелляциялык инстанцияда күчүндө калтырылган иштердин саны өскөн. Ал эми административдик иштерди кароонун сапаты өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгөн.


Кеңешменин соңунда  Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков күн тартибинде турган өзөктүү маселелер менен бирге эле, медиаторлор менен карым- катнашта иш алып барууну,  автоматташтырылган маалымат  тутумунда иш алып барууга өзгөчө көңүл бурууну  жана сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда  мыйзамдардын  талаптарын сактоону эскертип, кесиптештерин мыйзамдын чегинде адилеттүү иш  алып барууга чакырды.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов


 


 


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз
Форум судей: Конституция гарантирует право на благоприятную окружающую среду
Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара болуп өттү
Медербек Сатыев: Мамлекеттик тил — улуттук биримдиктин негизи
Санариптик сот адилеттиги: КР сот системасынын жаңы кадамдары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...