Иш-чарага Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов катышып, жаштар менен түз баарлашуу жүргүздү.
Аталган иш-чарага В.И. Ленин атындагы орто мектептин 9-классынын окуучулары катышып, сот системасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окуучулар сот залдарын көрүп чыгып, сот процесстеринин жүрүшү, судьялардын иши жана жарандардын укуктары тууралуу кеңири маалымат алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азамат Алдашов окуучуларга сот бийлигинин негизги принциптери, мыйзамдуулукту сактоонун мааниси жана адилеттүүлүктү камсыз кылуудагы соттун ролу тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал жаштарды билим алууга, мыйзамды урматтоого жана келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган адис болууга чакырды.
«Ачык эшик» күнү окуучулар үчүн кызыктуу суроо-жооп форматында уланып, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук аң-сезимин калыптандырууга жана укук таануу тармагына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Иш-чара соңунда окуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, сот системасы тууралуу алган маалыматтарын пайдалуу деп белгилешти.

