KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда медиация кызматы менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө

02 апреля 2026

Баткен облустук сотунда Медиация кызматкерлеринин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен облустук соттун судьяларынын ортосунда жыйын уюштурулду.


Иш чарага облустук соттун төрагасы Азамат Алдашов, төраганын орун басарлары Жаналы Батырбеков, Кундуз Абышова, Наргиза Кувандыкова, судьялар Бактыбек Султаканов, Майрам Дюшембиева, Бакыт Ибраимов, «Улуттук Медиация Борбору» КБнин Баткендеги филиалынын директору Кумара Имамова жана Баткен шаары боюнча медиатор Хайит Айкынов катышты.


Жыйындын жүрүшүндө, медиация кызматынын ишмердүүлүгү жана судьялардын медиаторлор менен кызматташуусу боюнча кыскача маалымат берилип, медиация уюмунун коомдогу ролун көтөрүүнүн жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуyсун жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды.


Иш чаранын соңунда төрага жолугушууга келгендерге тыгыз кызматташууну бекемдөө боюнча каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...