Баткен облусунун Баткен шаардык ички иштер башкармалыгында Баткен райондук сотунун төрагасы Дуйшенкул Шатманов, Баткен районунун прокурорунун жардамчысы Мирлан Нурматов жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшундө Дуйшенкул Шатманов райондук сот тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарга токтолуп, протоколдорду кайтарып берүүнүн айрым себептерин белгилеп өттү. Ошону менен бирге, милиция кызматкерлерин коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду туура толтурууга жана далилдерди чогултуунун толуктугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Жыйындын соңунда катышуучулар укук бузуу материалдарын толтурууда жана сотко даярдоодо пайда болгон айрым суроолор боюнча пикир алмашышты.