KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен райондук соту келечектеги юристтерге эшигин ачты: окуучулар адилеттик дүйнөсүнө баш бакты

16 мая 2025

Баткен райондук соту «Баткен Ыйман» мектеп комплексинин бүтүрүүчүлөрү үчүн Ачык эшик күнүн өткөрдү. Иш-чаранын алкагында окуучулар алгач ирет сот системасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, судьялар менен баарлашып, юридикалык кесиптер жөнүндө кеңири маалымат алышты.


Окуучулардын көпчүлүгү үчүн бул чыныгы ачылыш болду: алар сот системасынын ишин окуу китептери аркылуу эмес, түздөн-түз практика жүзүндө көрө алышты.


Соттун төрагасы Дүйшөнкул Шатманов окуучулар менен мотивациялык жолугушуу өткөрүп, мыйзамдын мааниси жана юристтердин коомдогу ролу жөнүндө айтып берди.


Судьянын жардамчысы Ильяс Урустамов соттун түзүмү, кызматкерлердин милдеттери жана сот жараянынын этаптары тууралуу кеңири маалымат берип, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мектеп комплексинин бүтүрүүчүлөрү кызыгуу менен суроолорду берип, активдүү катышышты.


Баткен райондук сотунун бул демилгеси жаштар арасында укуктук маданиятты жогорулатууга жана сот системасы менен коом ортосунда ачык диалог түзүүгө багытталган.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...