KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

07 февраля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча видеоконференция аркылуу жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.


Онлайн жыйынга Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, Жогорку соттун Соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Камчыбек Бапаев, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев, төраганын орун басарлары, райондук соттордун төрагалары катышышты.


Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык сотунун төрагасы, төрагасынын кылмыш-жаза иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, жарандык-экономикалык   жана административдик иштер боюнча орун басарлары, райондук соттордун төрагалары доклад жасашты.


Жыйындын  катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле, иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды. Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктөрү, Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөрүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча иштерди кароодо кетирилген кемчиликтери көрсөтүлдү.


2024-жылдын жыйынтыгын чыгарууда, шаардык сот тарабынан Бишкек шаарынын райондук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишмердиги жана ишинин сапаты талданды.


Соттордун ишин жана сапатын талдоо төмөнкүлөрдү көрсөтөт.


2024-жылы Бишкек шаары боюнча каралган иштердин саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Эгерде 2023-жылы 68 365 сот иши каралса, 2024-жылы 92 717 иш каралган, башкача айтканда 24 352 ишке көбөйгөн, бул 26,26% ды түзөт.


Өткөн жылы райондо каралган иштердин ичинен 7 502 (8,09%) иш даттанылып, 85 215 иш даттанылбай калган (91,1%) түзөт.


2024-жылы Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны калдыгы менен 2023-жылга салыштырмалуу 658 ишке 8,15 % (сегиз бүтүн он беш) пайызга өскөн, эгерде 2023-жылы 7 412 сот иши мурунку жылдын калдыгы менен даттанылса, 2024-жылы 8 070 сот иши мурунку жылдын калдыгы менен даттанылган.


Ал эми  Бишкек шаардык сотуна даттанылган, мурунку жылдын калдыгы жок иштердин саны 7 502 түздү.


Бишкек шаардык соту тарабынан каралган иштердин саны да көбөйгөндүгү айтылды. Мисалы, 2023-жылы 5 232 иш каралса, 2024-жылы 6 229 иш каралган.  Бишкек шаардык соту тарабынан 2024-жылы 997 ишке көп иш каралган, ал 16 % (он алты) пайызды түзөт.


Бишкек шаардык сотунда ишти кароо 76,90 % ды түздү.


Өзгөчө, жеке аныктамалардын санына жана натыйжаларына көңүл бурулду. Бишкек шаардык соту тарабынан 15 жай аныктама чыгарылган. Административдик коллегия тарабынан 3 жай аныктама, 3 жооп келген – 2 эскертүү, 1 сөгүш берилген.


Кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 7 жай аныктама чыгарылган. 3 жеке аныктама кылмыш иштин алкагында, 3 жеке аныктама соттук материалдын алкагында, 1 укук бузуу боюнча иштин алкагында чыгарылган.


Анын ичинен 5 тергөө органдарынын кызматкерлерине, 1 прокуратура органынын кызматкерлерине жана 1 укук бузуу боюнча медициналык күбөлөндүрүү кызматкерине жеке аныктама чыгарылган.


3 жеке аныктама боюнча тийиштүү органдарга эскертүү жөнөтүлгөн; 1 жеке аныктама боюнча коюлган талаптар Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан көңүлгө алынган жана катуу сөгүш жарыяланган, 2 жеке аныктама боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан эскертүү берилген, 1 укук бузуу медициналык күбөлөндүрүү кызматкери боюнча талкууга алынган. 3 жеке аныктама боюнча жооп келген эмес.


Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары тарабынан 5 жай аныктама чыгарылган: баарынан жооп келген.


Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан жалпысынан 290 жеке аныктама чыгарылган. Кылмыш иштер боюнча соттор тарабынан 239 жеке аныктама чыгарылса, 20 жеке аныктама жарандык иштер боюнча соттор тарабынан, ал эми 31 жеке аныктама административдик соту тарабынан чыгарылган (129-жеке аныктама боюнча жооптор келген.)


Өткөн жылы  жарандык иштер боюнча райондук соттордун мөөнөттөрү  бузулган 1455 иш катталган.


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев элдин нааразычылыгын мөөнөттөрү бузулган иштер,  чечимдердин жокко чыгарылышы, иштердин өз убагында каралбай жаткандыгын   айтты.


Жыйындын жүрүшүндө  сот актылары  өз убагында аткарылбай,  даттануулар өз учурунда  тиешелүү сотторго жөнөтүлбөй калган фактылар болуп жаткандыгы айтылып,  шаардагы канцеляриялардын ишин көзөмөлгө алуу керек экендиги айтылды.


Жарандык иштерди кароодо Бишкек шаарындагы соттордун жетишкендиктери дагы айтылды.  Райондук соттордун  соттук актыларынын туруктуулугу боюнча  Биринчи май райондук сотунун судься Жаныбек кызы Венера  87,23 % түзгөн.


Ал эми Свердлов райондук сотунун судьясы  Аида Мусуралиева 88, 71%, Ленин райондук сотунун судьясы  Мээрим Жолдошова 80% , Октябрь райондук сотунун судьясы  Эльмира Барыктабасова 83% түзгөн.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев процесстик мөөнөттөрдү сактоо соттордун эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ошондой эле, судьялардын көңүлүн алардын квалификациясын тынымсыз жогорулатууга бурду, анткени сот адилеттигинин натыйжалуулугу көбүнчө судьялардан, алардын кесиптик даярдыгынан жана соттук практиканын бирдей колдонулушунан көз каранды.



Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...