Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунун имаратында кыргыз сот адилеттигинин түптөлүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Иш-чарага Жогорку соттун жана Конституциялык соттун жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, сот тутумунун ардагерлери жана коомдук ишмерлер катышты.
Бюст орнотулган имарат 1972-жылы Абдыкасым Супатаевдин түздөн-түз демилгеси жана аракети менен Жогорку сот үчүн атайын курулган.
Мемориалдык бюсттун ачылышы залкар инсандын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу жана анын адилеттүүлүк принциптерин кийинки муундарга үлгү катары жайылтуу максатын көздөйт.
Салтанаттын алкагында келген коноктор А. Супатаевдин өмүр жолу кыргыз сотунун тарыхындагы алтын барактардын бири экенин белгилешти.
Абдыкасым Супатаев 1967-1974-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы болуп эмгектенип, сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө өзгөчө эмгек сиңирген.
https://kabar.kg/news/bishkekte-zalkar-sot-ishmeri-abdykasym-supataevdin-byustu-achyldy/

