Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын сот тутумунун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоонун алкагында өткөрүлүүдө, ал сот адилеттигин жүргүзүү шарттарын жакшыртууга, ачык-айкындуулукту камсыздоого жана жарандар үчүн соттук коргоону жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Сапардын жүрүшүндө облустук соттун жетекчиси курулуш аянтчаларын кылдаттык менен карап чыгып, аткарылган иштердин учурдагы жыйынтыктары менен таанышты. Курулуп жаткан объекттердин заманбап стандарттарга шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду:
• Сот отурумдарынын залдарынын пландаштырылышы;
• Соттордун жана сот аппаратынын иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды уюштуруу;
• Жарандар үчүн керектүү инфраструктураны түзүү (күтүүчү жайлар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар);
• Заманбап коопсуздук жана санариптештирүү системаларын орнотуу.
Курулуш аянтчаларында Таалайбек Даркимбаев куруучулардын өкүлдөрү, инженерлер менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Маектешүүлөрдүн жүрүшүндө логистикалык маселелер, курулуш материалдарын жеткирүү жана иштерди аткаруу графиктерин так сактоо талкууланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чүй облустук сотунун төрагасы райондук соттордун жетекчилигине жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ал ресурстарды максаттуу пайдаланууну жана курулуштун ар бир этабынын сапатын катуу көзөмөлдөө зарылчылыгына токтолуп, объекттер белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилиши керектигин баса белгиледи.

