KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Дилара Арстанбаева болочок юристтер менен жолугушту

24 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын  24-апрелинде,   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жана Токмок шаарындагы Борбор Азиянын Эл аралык университетинин юридика факультетинин студенттери үчүн тааныштыруучу экскурсия өткөрүлдү.


Иш чаранын максаты  жаштарды Кыргыз Республикасынын сот системасы менен тааныштырууга, укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган.


Мындан тышкары, жаштар арасындагы укук бузууларды алдын алуу жана мыйзамдуулук түшүнүгүн бекемдөө максатын да көздөйт. Жаш муундун өкүлдөрү сот адилеттигинин принциптерин терең түшүнгөндө гана укуктук коомдун түзүлүшүнө активдүү салым кошо алышат.


Экскурсияга 100дөн ашык студент катышып, алар Жогорку соттун ишмердүүлүгү, имараттын тарыхы жана сот процессинин жүрүшү менен жакындан таанышышты. Студенттер сот отурумдары өтүүчү залдарды көрүп, процесстер кандай тартипте өтөрүн билишти.


Жогорку соттун Пленум залында студенттер менен болгон жолугушууда Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева катышуучуларга сот системасынын түзүлүшү, сот адилеттигин ишке ашыруудагы судьялардын ролу жана соттордун күнүмдүк иши тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө билимге умтулуу жана мыйзамдуулукту урматтоо келечектеги ийгиликтин негизи экенин баса белгилеп, кесиптик жол тандап жаткан студенттерге пайдалуу кеңештерин берди.


Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сот системасына байланышкан маселелерди талкуулашты. Судья  Дилара Арстанбаева студенттердин  суроолоруна  жооп берип, болчок юристтерди билимдүү болууга чакырды.


«Жакшы юрист болуу – бул жөн гана мыйзамды билүү эмес, бул адамдардын тагдырын түшүнүү, адилеттик үчүн кызмат кылуу. Ар бириңиздерде келечекте ушул жоопкерчиликтүү жолду тандап, элге кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бар», – деп белгиледи Дилара Арстанбаева.


Жолугушуунун соңунда студенттер экскурсиядан алган таасирлерин бөлүшүп, сот тутуму тууралуу практикалык маалыматтарды билүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Мындай иш-чаралар жаштар менен сот бийлигинин ортосунда ачык байланыш түзүүгө жана келечектеги адистердин кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...