KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 20-жыйынына катышууда

22 апреля 2025

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жетектеген кыргыз делегациясы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 20-жыйынына катышууда. Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.


Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрага орун басарлары Нурлан Мусаев жана Шералы Камчыбеков, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов бар.


Бүгүн жыйындын алкагында Медербек Сатыев Кытай Эл Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку сотторунун төрагалары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Кытай Эл Республикасынын Элдик Жогорку сотунун төрагасы Чжан Цзюн менен болгон жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасындагы сот системасын санариптештирүү багытында кызматташууну тереңдетүү жана өз ара кызыкчылыктарды жараткан башка маселелер боюнча байланыштарды бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Сот органдарынын жетекчилери эки тараптуу байланыштар мындан ары да өнүгө берет деген ишенимин билдиришти.


Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев менен болгон жолугушууда сот системаларынын өнүгүшү үчүн активдүү кызматташууга жана биргелешкен ишке даярдык ырасталды.


Бүгүн, ошондой эле, кыргыз делегациясы Ханчжоу шаарындагы Интернет-сот катары белгилүү болгон орто баскычтагы Элдик сотко барды. Делегация соттун материалдык-техникалык жабдылышы жана ишмердүүлүгү менен таанышты.


Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги бөлүгү эртең, 2025-жылдын 23-апрелинде өтөт. Жыйынга Кытай Эл Республикасынын Элдик Жогорку соту төрагалык кылууда. Анда Индиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Жогорку сотторунун төрагалары катышууда.


Мындан тышкары, жыйынга ШКУнун байкоочу мамлекети болгон Монголиянын, ошондой эле ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү — Бириккен Араб Эмираттарынын, Азербайжан Республикасынын жана Түркия Республикасынын Жогорку сотторунун өкүлдөрү, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын жана ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруучу комитетинин өкүлдөрү катышууда.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...