KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

26 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун  Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси  Алексей Рогов менен жолугушту.


Жогорку соттун төрагасы Кыргызстандын сот системасы менен Бишкектеги ЕККУнун Программалык  кеңсесинин  ортосундагы көп жылдык жана жемиштүү кызматташтыкты жогору баалады.


Жолугушууда сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын ачыктыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстандын сот системасын модернизациялоо маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды. Айрыкча,  жогорку сот органынын төрагасы соттордун ишин жакшыртуу, соттук процесстерди тездетүү, соттук иштерди жана документтерди коопсуз жана натыйжалуу сактоо үчүн системаларды иштеп чыгуу жана маалыматтык технологияларды киргизүү жаатында өз ара аракеттенүү үчүн аянтча бар экенин белгиледи.


Мындан тышкары, жолугушууда талапкерлерди тандоо процедураларын өркүндөтүү, судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутуунун заманбап тутумун иштеп чыгуу, ошондой эле сот системасынын Аналитикалык жана Кырдаалдык  борборлорун түзүү маселелери көтөрүлдү.


Тараптар кызматташтык Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып,  демократиялык институттарды, ошондой эле мыйзам үстөмдүгүн андан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.



 


Видео-блок

М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...