KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер үчүн конок лекция уюштурулду

14 апреля 2026

Жалал-Абад облусунда укуктук билим берүүнү жана жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу максатында иш-чара өткөрүлдү. Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин «Укук таануу» адистигинин 1 жана 3-курсунун студенттери үчүн «Коррупция жана ага каршы күрөшүү» темасында конок лекциясын өттү.


Лекциянын жүрүшүндө Жыпар Сабырова коррупция тууралуу токтолуп, анын негизги белгилерин, түрлөрүн жана келип чыгуу себептерин терең талдап берди. Ошондой эле эл аралык стандарттар, коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап механизмдери жана юристтердин бул багыттагы жоопкерчиликтүү ролу тууралуу маалыматтар берилди.  Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, кеңири жана негиздүү жоопторду алышты.


Конок лекциянын жыйынтыгында колледждин директору Айнагүл Ташматова Жыпар Сабыровага ыраазычылык кат тапшырып, анын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, бай тажрыйбасы жана активдүү жарандык позициясы окутуучулар менен студенттер үчүн өзгөчө пайдалуу болгонун белгиледи.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...