Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин демилгеси менен Жалал-Абад облустук соту жана УТРК Жалал-Абад каналынын кызматкерлеринин катышуусунда судьялар жана сот кызматкерлери үчүн кезектеги атайын окутуу-тренинг өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү кеңири түшүндүрүү жана аларды практикада туура колдонуу боюнча бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу болду. Өзгөртүүлөргө ылайык, жарандык, кылмыш жана административдик иштерди кароо процессинде ачык-айкындуулук камсыз кылуу максатында сот отурумдарын онлайн форматта — телевидение, радио жана интернет аркылуу түз алып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле сот отурумдары милдеттүү түрдө аудио жана видео жаздыруу аркылуу протоколдоштурулары белгиленди.
Семинардын жүрүшүндө онлайн көрсөтүүнү уюштуруунун тартиби, техникалык талаптар, маалыматтык коопсуздук маселелери жана тараптардын укуктарын сактоо шарттары кеңири талкууланды. Практикалык мисалдар аркылуу түз эфирде сот процессин алып баруунун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.

