Бүгүн 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «АИВ-инфекциясы бар адамдардын сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү: эл аралык стандарттар жана КР мыйзамдары»,«Интеллектуалдык менчиктин өзгөчө укуктары жөнүндө жалпы жоболор: патенттик укук, автордук укук жана чектеш укуктар» деген темада эки күндүк тренинг башталды.
Лекторлор Чүй облустук сотунун судьясы Айнура Сатарова, УНП ООН, АИВ боюнча программалык координатор Чинара Мааткеримоваэксперт ПРООН/ГФ, Илим Садыков, АнтиСПИД Ассоциациясынын аткаруучу директору, КР ЖК спикеринин алдындагы Аялдардын жана балдардын укуктары жана гендердик маселелер боюнча кеңештин эксперти, коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөдөгү эксперти Чынара Бакирова жана ю.и. к., КРСУнун жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти Жениш Саргалдакова жана башка адистер болот.
Тренингдин биринчи күнүндө катышуучулар АИВ жана кургак учуктун жалпы түшүнүктөрү жана жайылуу тенденциялары, адам укуктары жана АИВ, өз ара байланыш, АИВдин алдын алуу, аны аныктоо жана дарылоо боюнча негизги программалар жана кийлигишүүлөр, АИВ менен жашаган адамдардын бирикмелеринин ишмердүүлүгү, сот органдарынын ишинде АИВдин алдын алуу жана адам укуктары маселелерин киргизүү, ЧЕБА (ВЕЦА) аймагы боюнча судьялардын форумга катышуу тажрыйбасы маселелери каралып, сот органдарынын АИВ жана Кургак учук программалары менен мындан аркы кызматташуу тууралуу талкуу болот.
Экинчи күн «Интеллектуалдык менчиктин өзгөчө укуктары жөнүндө жалпы жоболор: патенттик укук, автордук укук жана чектеш укуктар» темасына арналып, угуучулар интеллектуалдык менчик укуктук коргоонун объектиси, ал жаатта укуктарын коргоо боюнча талаштардын негизги категориялары, интеллектуалдык менчик жаатындагы жарандык укуктарды коргоо ыкмалары (өзгөчөлүктөрү), талаштарды кароочу органдар, далилдер жана сот процессиндеги тараптар, ошондой эле интеллектуалдык менчикке байланыштуу башка темлар да каралмакчы.
Тренингдин соңунда катышуучулар сурамжылдоодон өтүп, аларга сертификаттар тапшырылат.

