KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

25 февраля 2026

2026-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Жалал-Абад облустук сотунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө арналган жыйын болду.


Жыйынга ошондой эле Жогорку соттун судьялары Болотбек Акматов,  Дилара Арстанбаева, Нургуль Асанова, Сулайманкул Атакулов,  Тыныбек Бекешов, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев,   Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов,  Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.


Медербек Сатыев Жалал-Абад облусундагы соттордун 2025-жылдагы сапаттык көрсөткүчтөрүнө токтолуп,  жалпы жонунан көпчүлүк соттордо иштердин саны өсүп, чечимдердин күчүндө калуу пайызы жогорулагандыгын белгиледи. Мисалы, Жалал-Абад облустук сотто, Ноокен, Ала-Бука жана Аксы райондук соттору, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Манас  шаардык сотторунда жана Административдик сотто көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жакшырган. Айрым судьялар 90–100 пайыздык жогорку натыйжа көрсөтүп, чечимдеринин туруктуулугун камсыз кылышкан.


Муну менен катар жетишилген оң жыйынтыктар жана сот актыларынын жогорку деңгээлде күчүндө калуусун камсыз кылгандыгы үчүн Медербек Сатыев Аксы райондук сотунун, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун, Тогуз-Торо райондук сотунун жана Кара-Көл шаардык сотунун төрагаларына ыраазычылык билдирди.


Бирок ошол эле учурда кээ бир райондук соттордо, айрыкча Сузак, Чаткал  райондук жана Майлуу-Суу  шаардык сотторунда күчүндө калуу пайызы төмөндөп кеткен учурлар бар. Айрым судьялардын көрсөткүчтөрү 40–60 пайыздын тегерегинде болуп, өткөн жылга салыштырмалуу начарлаган. Бул жагдай сот актыларынын сапатын жогорулатуу, мыйзамдарды бирдей колдонуу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт. Төрага аймактагы судьялардын  ишинин сапатын жакшыртуу боюнча кошумча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.


Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда каралган иштердин түзүмү көрсөткөндөй, кылмыш иштеринде негизинен мүлктүк мүнөздөгү (уурдоо, алдамчылык), үй-бүлөлүк жоопкерчиликке байланышкан (балдарды багуудан качуу) жана баңгизатка байланыштуу укук бузуулар басымдуулук кылган; жарандык иштерде эң көп никени бузуу, карыз өндүрүү, алимент жана мурастоо талаштары каралса, административдик иштердин негизги бөлүгүн жер талаштары жана мамлекеттик органдардын актыларына байланыштуу даттануулар түзгөн.


Медербек Сатыев айрым жергиликтүү соттор тарабынан соттук тажрыйбаны жалпылаштыруу жетишээрлик деңгээлде жасалган эмес. Айрым соттордун жүргүзгөн жалпылоолору иш жүзүндө статистикалык маалымат же каралган иштердин фабуласын көрсөтүү болуп калган.


Жалпылоонун дээрлик көпчүлүгү соттук  практиканы жалпылоо боюнча методикалык сунуштоолордун талаптарына жооп бербейт. Жалпылоонун максаты, милдеттери аныкталган эмес.


Төрага белгилегендей, соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо соттордун ишин бирден бир жакшыртуучу каражат болгондуктан, тыянактарды жана сунуштарды жүзөгө ашыруу чоң практикалык мааниге ээ.          Ошол себептен жалпылоонун жыйынтыктары судьяларга жеткирилип,  жалпылоо учурунда алынган маалыматтар соттор тарабынан жыйында  талкууланышы керек экендигин эскертти.


Жыйындын жүрүшүндө Төрага сот отурумдарын онлайн көрсөтүүнү тездетип, иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана сот залдарынын аудио жана видео жаздыруу системалары менен толук кандуу жабдылышы боюнча маалымат укту.


Жарандардын кайрылуулары көрсөткөндөй, облустагы соттордун ишинде негизги көйгөйлөр кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, жарандарга сылык жана ачык мамиле кылуу, иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кароо жана уюштуруучулук тартипти бекемдөө менен байланыштуу. Айрым соттордо отурумдардын кеч башталышы, чечимдердин кеч берилиши, катчылардын орой мамилеси, төрагалардын жарандарды кабыл албоосу сыяктуу нааразычылыктар айтылган. Ошондой эле электрондук арыз берүү, онлайн сот отурумдарын өткөрүү, түшүнүктүү нускамаларды иштеп чыгуу, маалыматтык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.


Төрага жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелерди эске алуу менен сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кароону камсыз кылуу, сот отурумдарын уюштурууда тартипти бекемдөө жана жарандарга сылык, ачык мамиле жасоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.


 


 


Видео-блок

НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда
Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...