KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев акыркы сапарга узатылды

17 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 17-апрелинде,  Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мамадияр Исабаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарында өттү.


Коштошуу зыйнатына  Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сот тутумунун өкүлдөрү жана ардагерлер, Мамадияр Исламовичтин туугандары, жакындары, кесиптештери катышышты.


Бүгүн биз терең кайгыруу менен улууга урмат, кичүүгө сый мамилеси, үлгүлүү жүрүм-туруму менен эл оозуна алынган, антына бек, асыл агабызды жана кесиптешибизди, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Исабаев Мамадияр Исламовичти акыркы сапарга узатып жатабыз.


Жолборс изинен, баатыр сөзүнөн кайтпайт демекчи, Мамадияр Исламовичтин айткан сөзү менен жасаган иши дайыма дал келчү эле.


Ал көптөгөн улуу-аруу касиеттерди өзүнө камтыган, кара кылды как жарган, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн, акыйкатты туу кармаган, дили таза, өзүнүн принципиалдуу позициясы бар тажрыйбалуу судья жана жөнөкөй адам катары кесиптештеринин эсинде калат.


Жалпы кыргыз элинин арасында кадыр-баркка ээ болуп, өзүнүн жогорку инсандык жана профессионалдык сапаттарынан улам сот бийлигинин эң жогорку кызматы — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматына көрсөтүлүп, аны 1995-1998- жылдары үзүрлүү жана ийгиликтүү аркалаган.


Сот системасына эмгеги сиңген үчүн көптөгөн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болуп,  маанилүү, маңыздүү өмүр сүрүп, аркасынан айтарга жакшы сөз, жакшы из калтыра алды”, деп  белгиледи Нурлан Мусаев.


Мамадияр Исабаевдин  сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.


 


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...