KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Эльмира Барыктабасова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланып, ант берди

22 апреля 2026

2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эльмира Барыктабасованын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына шайлашты.


Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмира Барыктабасованын талапкерлигин бир добуштан колдошту.


Эльмира Барыктабасова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  кызматына  ант берди.


Эльмира Барыктабасова 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган. Сот тутумунда олуттуу иш тажрыйбасына ээ. Буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы болуп иштеген.


Ар кайсы жылдары судьялардын өз алдынча башкаруу органдарында жооптуу кызматтарды аркалаган, анын ичинде:

• 2017–2018-жылдары — Судьяларды тандоо кеңешинин төрагасынын орун басары жана төрагасы;

• 2023–2024-жылдары — Сот адилеттиги иштери  боюнча кеңештин төрагасынын орун басары;

• 2024–2025-жылдары — Сот адилеттиги  иштери боюнча кеңештин төрагасы.


Видео-блок

Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы
Жогорку сот менен жергиликтүү соттор ишембиликке катышты
ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...