KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Эми Кыргызстанда мамлекеттик алымды онлайн төлөөгө болот

23 апреля 2025

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Жогорку сотто «Мамлекеттик алымды онлайн төлөө» системасынын пилоттук режимде ишке кириши боюнча презентация өттү.


Ведомстводон билдиришкендей, иш-чараны Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова жетектеген жумушчу топ өткөрдү. Жергиликтүү соттордун өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.


Жогорку соттун алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан иштелип чыккан жаңы санариптик сервис жарандарга соттук мамлекеттик алымдарды онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.


Жаңы система учурда «Элдик» мобилдик тиркемеси менен иштеп жатат, жакында ага «МБанк», «Бакай Банк» жана башка банктар да кошулат. Бул кызмат Финансы министрлиги жана банктар менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.


Белгилүү болгондой, эми жарандар сотко же банкка барбастан, мобилдик тиркемелер аркылуу үйүнөн же кеңсесинен туруп эле жыйымдарды төлөй алышат.


Эскерте кетсек, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Жогорку соттун sot.kg расмий сайтына мамлекеттик алымды эсептөөчү онлайн-калькулятор жайгаштырылган. Анда арыздын түрүнө жараша төлөнө турган алымды алдын ала эсептеп алууга болот.


Мамлекеттик алым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.



https://kabar.kg/news/kyrgyzstanda-mamlekettik-alymdy-onlajn-tl-mmknchlg-ishke-kirgizildi/


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...