KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Манас” эпосу – руханий мурас жана укуктук тутумдун баалуулугу

04 апреля 2025

Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков тарабынан Жогорку соттун аппарат кызматкерлерине “Манас” эпосу тууралуу лекция окулду.


Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыгын жана “Манас” эпосу жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамды ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.


Лекциянын жүрүшүндө “Манас” эпосунан үзүндү окулуп, анын философиялык тереңдиги, тарыхый мазмуну жана моралдык баалуулуктары талданды. Ошондой эле күнүмдүк турмушта колдонулуп жүргөн айрым сөздөрдүн “Манас” эпосундагы мааниси кеңири түшүндүрүлүп, эпостун тилдик, маданий жана тарбиялык байлыгы белгиленди.


Бул иш-чара улуттук руханий мурасты сот тутумунун өкүлдөрүнө жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлердин маданий аң-сезимин арттыруу, жана улуттук иденттүүлүктү чыңдоо багытындагы маанилүү кадам катары бааланат.


Видео-блок

Жогорку сот биринчи жолу ачык сот отурумдарын көрсөтүп баштады
Милицияга пара берген кыз тууралуу соттук отурум
Алдамчылык боюнча ачык сот отуруму | 1-бөлүк
Алимент боюнча чечим чыкты. 3-бөлүк
Номад ТВ: Подготовка команды "Фемида" на хорошем уровне

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...