KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

II Конституциялык окуулар: Чолпон-Атада сот адилеттигинин актуалдуу маселелери талкууланууда

26 июня 2026

2026-жылдын 26-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Юристтер күнүнө карата уюштурулган II Конституциялык окуулардын ачылышы өттү.


Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Эл аралык университетинин ректору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Сейтек Асанов жана БУУӨПтүн (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева чыгып сүйлөштү.


Андан соң пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Руслан Мырзалимов «Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери: Кыргызстандын санариптик кадамдары» деген темада бет ачар (презентация) жасады.


Иш-чара 28-июнга чейин уланат. Конституциялык окуулар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, эксперттерди жана Казакстандын, Россия Федерациясынын, Түркиянын жана Өзбекстандын жана биздин өлкөнүн практик юристтерин бириктирет. Бул иш-чара улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин  талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.


Катышуучулардын көңүл борборунда сот адилеттигине жеткиликтүүлүк, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана социалдык укуктарды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери болот.


Иш-чаранын алкагында пленардык жыйын жана тематикалык панелдик талкуулар өткөрүлүп, анда илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, практикалык тажрыйба жана дүйнөнүн тездик менен өзгөрүп жаткан шартында адам укуктарын коргоонун заманбап ыкмалары сунушталат.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети тарабынан өлкөдөгү юридикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган алдыңкы жогорку окуу жайлардын уюштуруучулук колдоосунда, ошондой эле БУУӨПтүн жана «Кыргызстандын юристтери», «Кыргызстандын социалдык иш мектептеринин ассоциациясы» коомдук бирикмелеринин техникалык колдоосу астында уюштурулууда.


Видео-блок

Судьялык кызматка талапкерлердин резерви түзүлөт
Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...