KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы иш жыйынтыгы: даттануулар, көрсөткүчтөр жана жаңы тапшырмалар

02 марта 2026

2026-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрүлдү.


Жыйынга ошондой эле Жогорку соттун судьялары Качыке Эсенканов, Чинара Садырова, Идрисовна, Эльмира Байтикова, Маргарита Мельникова, Аида Сейдакматова жана Айбек Давлетов, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев жана райондук сотторун судьялары катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылы сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты, соттор тарабынан каралган иштердин саны, жарандардын кайрылуулары жана даттануулардын динамикасы боюнча кеңири маалымат берилди. Негизги басым сот тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандардын ишенимин бекемдөөгө жасалды.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев 2025-жылы райондук соттордо жалпысынан 105 530 иш каралып, 2024-жылдагы 92 689 ишке салыштырмалуу 12 841 ишке же 12,16%га көбөйгөндүгүн маалымдады. Бул көрсөткүч сот органдарына кайрылуулардын саны өскөнүн жана сот адилеттигине болгон суроо-талаптын жогорулаганын айгинелейт.


Райондук соттордо каралган иштердин ичинен 8 204 иш даттанылып, 97 326 иш даттанылган эмес. Бул жарандардын сот чечимдерине болгон ишениминин салыштырмалуу жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт.


Бишкек шаардык соту тарабынан каралган иштердин саны 2024-жылдагы 6 229 иштен 2025-жылы 6 107 ишке чейин кыскарып, 122 ишке же 1,99%га азайган.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту сактоо, сот актыларынын сапатын жогорулатуу, иштерди өз убагында жана негиздүү кароо, ошондой эле сот тутумуна болгон коомчулуктун ишенимин арттыруу негизги милдет бойдон каларын белгиледи.


Төрага бүгүнкү жолугушуу формалдуулук үчүн эмес, бул жыйынтык чыгарып, кемчиликтерди жашырбай айтууга жана өнүгүүнүн так багытын белгилөөгө берилген мүмкүнчүлүк экендигин айтты. Максат сындоо эмес, өнүктүрүү. Бирок талап жогору жана принципиалдуу болот деп эскертти.


Медербек Сатыев Бишкек шаардык соту менен райондук соттордун судьяларынын өткөн жылдагы сапаттык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, караган иштеринин күчүндө калуусу боюнча жогорку көрсөткүчкө ээ болгон айрым судьяларга ыраазычылык билдирип, Алкыш жарыялады. Ал эми көрсөткүчтөрү төмөн болгон судьяларга Со адилеттигинин Жогорку мектебинде атайын окууларды уюштуруу жагын тапшырды.


Төрага Бишкек шаары боюнча жалпысынан 11 соттук тажрыйбаны жалпылоо жүргүзүлгөндүгүн айтып, келип түшкөн жалпылоолорду анализдөөнүн жыйынтыгында кемчиликтер дагы орун алгандыгын белгиледи. Анын ичинде соттук практиканы жалпылоо методикалык сунуштоолордун талаптарына толук ылайык жүргүзүлгөн эмес.


Мындан тышкары, бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жана мыйзам ченемдерин бирдей колдонуу боюнча негиздүү сунуштар дагы берилген эмес.


Биринчи инстанциядагы соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча материалдык жана процессуалдык укук ченемдеринин бузулушунун себептери жана негиздери көрсөтүлгөн эмес.


Бишкек шаарынын Административдик сотунда административдик иштерди кароодо эмне себептен процессуалдык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулуп жаткандыгына анализ берилип, тыянактар жана сунуштар берилген. Бирок, ошону менен бирге жалпылоону түзүүдө процессуалдык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуунун себептерин көрсөтүү менен тиешелүү иштер мисал катары келтирилген эмес.


Төрага Бишкек шаардык соту менен райондук сотторго QR-системасы аркылуу келип түшкөн негизги сунуштар жана сын-пикирлерге токтолуп, жарандар көбүнчө сот залдарынын жетишсиздиги, иштердин өз убактысында кароосун, соттогу катчылардын орой мамилелерин белгилешкен. Ошол эле учурда сотко келген тараптар кээ бир судьялар иштерди адилеттүү карап бергендигин айтып, ыраазычылык билдиришкен.


Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишмердүүлүгү, жер тилкелери боюнча маселелер, жергиликтүү соттордун имараттарын оңдоо, курулуш жана материалдык-техникалык камсыздоо, кадрдык иштер жана кадр саясаты сот приставдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.


Кеңешменин соң унда 2026-жылга карата сот өндүрүшүнүн сапатын жакшыртуу, процесстик мөөнөттөрдү так сактоо жана сот практикасын бир нукка салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Бишкек шаарынын жергиликтүү соттору мындан ары да мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында ишин улантаарын белгилешти.


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...