KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы шайланды

15 июля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 18-июнунда бекитилген Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) биринчи жыйыны болуп өттү.


«Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйынын жаш курагы боюнча эң улуу мүчөсү — Мукамбет Касымалиев ачты.


Кеңештин биринчи жыйынында төрагалык кылуучу Кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат, көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу үч мүчөдөн турган эсептөө комиссиясы шайланат, ошондой эле Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өткөрүлөт.


Кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен төмөнкү курамдагы эсептөө комиссиясы шайланды:



  1. Түлөбаев Балбак Зарлыкович;

  2. Кыдыралиева Бакыт Амантуровна;

  3. Чотонов Санжар Бейшенкулович.


Мукамбет Касымалиев төрагалыкка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Молдакунов Айбек Карыбековичтин талапкерлигин көрсөттү. Төраганын орун басары кызматына Бишкек шаардык сотунун судьясы Барыктабасова Эльмира Бектургановна көрсөтүлдү.


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү бир добуштан Молдакунов Айбек Карыбековичти Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы, ал эми Барыктабасова Эльмира Бектургановнаны төраганын орун басары кылып шайлашты.


Видео-блок

"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...