2025-жылдын 5-июлунда Каракол шаарындагы Сот Адилеттик үйүнүн сот тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн атайын курулган кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул маанилүү окуя Ысык-Көл облусунун сот тутумунун ортосундагы достукту, биримдикти жана командалык рухту чыңдоого багытталган кичи-футбол боюнча мелдеш менен коштолду.
Ачылыш аземди Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев ачып, “Бул спорттук аянтчанын ачылышы — ден соолукту чыңдоого, командалык духту бекемдөөгө жана кызматкерлердин биримдигин арттырууга багытталган маанилүү кадам. Бул сыяктуу демилгелер — сот системасынын өнүгүп жаткандыгынын, заман талабына жооп бере турган деңгээлге жетип жатканынын айкын далили”,- деп белгиледи өз сөзүндө.
Ошондой эле облустук соттун судьясы Койчубек Жобонов жана Сот департаментинин жетекчиси Жеңишбек Шерматов сот кызматкерлерин футбол аянтчасынын ачылышы менен куттуктап иштерине ийгилик каалады.
Иш-чарага райондук жана шаардык соттордун төрагалары, судьялар, сот аппараттарынын кызматкерлери катышышты. Спорттук мелдеш Жети-Өгүз райондук соту тарабынан уюштурулуп, анын негизги бөлүгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өткөрүлдү.
Мелдешке жалпысы тогуз команда катышып, алардын курамы облустук, райондук жана шаардык соттордон, Сот департаментинин облустук башкармалыгы менен сот приставдар кызматынан турган. Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, командалык биримдикти арттыруу, сергек жашоону пропагандалоо жана мыкты футбол командасын аныктоо болду. Ошондой эле кийинки мелдешти өткөрүү укугу кезектеги уюштуруучу тарапка өткөрүлүп берилди.
Турнир жогорку деңгээлде уюштурулуп, оюнчулар өз ара түшүнүшүү жана ынтымакта оюн көрсөтүштү. Күйөрмандар да командаларды кызуу колдоп, спорттук духка дем-күч беришти.
Жыйынтыгында мыкты делген командалар төмөнкүдөй аныкталды:
Биринчи орун — Ысык-Көл облустук сотунун командасы. Жеңүүчүлөргө «Кубок», биринчи даражадагы медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Экинчи орун — Түп райондук сотунун командасы. Аларга экинчи даражадагы “Кубок”диплом, медаль жана баалуу сыйлыктыр ыйгарылды.
Үчүнчү орун — Сот департаментинин командасы. Команда Үчүнчү даражадагы “Кубок” медалдар жана диплом ошондой эле баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Мындан тышкары, оюнда өзгөчөлөнгөн мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчу, мыкты оюнчу жана мыкты оюн көрсөткөн башка футболчулар Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Койчубек Жобонов жана Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов тарабынан ардак грамоталар жана дипломдор менен сыйланышты.
Салтанаттын соңунда уюштуруучулар катышуучуларга спорттук жана кесиптик ийгиликтерди каалап, мындай иш-чаралар мындан ары да сот кызматкерлеринин ынтымагын бекемдеп, сергек жашоого түрткү болооруна ишеним билдиришти.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова