Бүгүн, 2025-жылдын 31-майында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу достук кичи-футбол боюнча «Мурас» турнири башталды.
Турнирдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев катышты.
Турнирдин биринчи күнүндө «Фемида» командасы «Динамо», «Журналисттер» жана «Достук» командалары менен беттешти.
«Фемида» командасы топтук этапта кызыктуу, жогорку деңгээлдеги жана татыктуу оюн көрсөттү.
«Фемида» командасынын курамында төмөнкү сот кызматкерлери ойношту:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Нурбек Эсеналиев, Жайыл райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Жеңишбек уулу Жолдошбек, Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Откурбек Абдыкаров, Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираев, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Таирбек Туленбаев, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Чынгыз Жакшылыков, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы Чынгыз Бердимуратов, Баткен облустук сотунун судьясы Азамат Жумагулов, Баткен облусук сотунун төрагасы Азамат Алдашов, Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Ашырбек Курманов, Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун судьясы Аман Бокомбаев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Дамир Молоев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Тилек Турдукулов (машыктыруучу).
.