«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту» (Фемида) командасы футзал боюнча салттуу «Наристе-2025» жаңыртылган жылдык турнирин ийгиликтүү баштады
2025-жылдын 3-январында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында футзал боюнча салттуу «Наристе-2025» жыл сайын өтүп турган турнири башталды. Спорттук иш-чара ушул жылдын 10-январда аяктайт.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун командасы («Фемида») «В» тайпасындагы оюндар сериясын баштады.
“Фемида” менен “Улуттук банк” командасынын ортосунда кызыктуу жана курч оюн өттү. Сот тутумунун командасы 2:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Эртең “Фемида” “Мамкурулуш” командасы менен беттешет.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту» командасы төмөнкү курамда спорттук иш-чарага катышып жатат:
Жакшылыков Чыңгыз Кайратович (К) — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;
Турдукулов Тилек Ураимжанович — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;
Турусбеков Даир Мирланович — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкери;
Бейшенкулов Айжигит Максатбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкери;
Коносов Куттубек Уларбекович — Чүй облустук сотунун аппарат кызматкери;
Кенешбеков Жанарбек Уланбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун карамагындагы «Адилет сот» УИТ аппаратынын кызматкери;
Талайбеков Данияр Талайбекович — Чүй облустук сотунун аппарат кызматкери;
Колопов Достук Акжолбекович — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аппарат кызматкери;
Сатыбалдиев Айдар Мелисович — Чүй облустук сотунун аппарат кызматкери;
Болотов Самар — Чүй облустук сотунун аппарат кызматкери;
Түлөүбек уулу Кайрат — Чүй облусунун Административдик сотунун аппарат кызматкери;
Үсүпбеков Азирет Шайлообекович — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аппарат кызматкери;
Команданын өкүлү Дүйшөнов Нурсеит Бактыбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкери;
Команданын машыктыруучусу Калыбаев Алмаз Жээнкулович — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы.
«Наристе-2025» Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын Футзал лигасы тарабынан уюштурулган расмий турнир болуп саналат.
Турнир сегиз тайпада өткөрүлөт: мамлекеттик органдардын (куралдуу жана жарандык түзүмдөр өзүнчө) жана 35, 40, 45, 50, 55 жана 60 жаштан жогорку ардагерлердин командалары арасында, Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген катышуучулар үчүн.
Быйыл турнирге 130дан ашык команда жана 2000 футбол сүйүүчүлөр катышууда.