KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

КР Жогорку сотунун жана КР Конституциялык сотунун аппарат кызматкерлери үчүн Комплекстүү окутуу программасы башталды

19 мая 2025

Бүгүн 19-майда, КР Жогорку сотунун жана КР Конституциялык сотунун аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн  комплекстүү окутуу программасы башталды. Окутуу 19-майдан 23-майга чейин улантылат.


Окуунун алгачкы эки күнүндө сот түзүлүшү, Кыргыз Республикасынын сот системасы, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жана имиджи, кызыкчылыктардын кагылышуусу, сот тутумундагы коррупцияга каршы саясат, ошондой эле адам укуктарын коргоонун Эл аралык стандарттары деген темалар каралат.


Калган күндөрү аппарат кызматкерлеринин ишине түздөн түз байланыштуу сот архивинин ишин уюштуруу, архивдик иштерди жана материалдарды жок кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелери, жогорку соттордогу маалыматтык-аналитикалык иштин өзгөчөчөлүктөрү сыяктуу темалар каралат. Ошондой эле АИВ-инфекциясы бар адамдардын сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү: Эл аралык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, полиграфты соттордо колдонуу темалары да камтылат.


Беш күндүн ичинде угуучуларга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, ошондой эле Жогорку соттун жана Конституциялык соттун кызматкерлери лектор болушат.


Окуунун аягында угуучулар тестирлөөдөн өтүп, андан кийин аларга сертификаттар тапшырылат.


Видео-блок

Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...