KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыдык Жунушпаев ЕАЭБ Сотунун судьясы кызматына дайындалды

26 июня 2025

2025-жылдын 23-июнунда Евразия экономикалык биримдиги Сотунда  Кыргыз Республикасынын атынан дайындалган жаңы судья Кыдык Карыбаевич Жунушпаев ант берип, расмий түрдө өз кызматын аркалай баштады. Бул иш-чара Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2025-жылдын 16-июнундагы чечимине ылайык, салтанаттуу түрдө өттү.


Ошондой эле, буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Эркин Бакбурович Искаков судьянын кеңешчиси кызматына расмий түрдө киришип, салтанаттуу түрдө билдирүү жасады.


Ант берүү аземине төмөнкү ардактуу коноктор катышты: Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Ю.В.Кобец, Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, КМШ Уставдык органдарындагы Туруктуу өкүлү Э.А.Султанбаев, Беларусь Юстиция министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Д.В.Тускаль, КМШнын Экономикалык Сотунун төрагасы Г.К.Нурбаев, Казакстан Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы С.К.Шаканов  жана Россия Федерациясынын Беларус Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы А.В.Степаненко.


Кыдык Жунушпаев бул кызматта мөөнөтү аяктаган судья А.М.Айжибраимованын ордуна дайындалды. Ал 2018-жылдын май айынан 2025-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеген.


Видео-блок

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады
Талас облусу | Калыс сот – элдин тиреги
"Ар бир добуш - өлкөнүн эртеңине кошулган салым". М.Сатыев №1046 шайлоо участогунан доб...
Н.Бакирова КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары ме...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...