KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз өкмөтү бирин-бири кайталаган мекемелерди кыскартуу аркылуу бюрократияны жоё алабы?

01 апреля 2025

Кыргыз өкмөтү бирин-бири кайталаган мекемелерди кыскартуу аркылуу бюрократияны жоё алабы?





Бюрократияны азайтуу боюнча тапшырмаларды координациялоо милдети Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси Аяз Баетовго жүктөлгөн


СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GOV.KG


Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Бюрократияны азайтуу боюнча тапшырмаларды координациялоо милдети Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси Аяз Баетовго жүктөлгөн



Кыргыз өкмөтү бюрократияны кыскартуу боюнча негизги багыттарды аныктаганын, анын алкагында натыйжасыз жана бирин-бири кайталаган мамлекеттик түзүмдөрдү жоюу пландалып жатканын кабарлады. Бирок кайсы структуралар жөнүндө сөз болуп жатканы ачык айтылган жок.




Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт бир ай аралыгында алгачкы кадамдарды жасап, алты айда олуттуу натыйжаларга жетиши керектигин айткан болчу.




Санариптештирүүнү колго албаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралат




Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ашык чыгым менен бюрократияны азайтуу боюнча тапшырмаларды координациялоо милдети Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси Аяз Баетовго жүктөлгөн.




26-мартта ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча чечимдердин биринчи пакетин бекитти.





Жалпысынан 36 укуктук-ченемдик акт коомдук талкууга коюлуп жатат.




Аяз Баетов Би-Би-Сиге билдиргендей, ушул тапта бардык мамлекеттик органдын иши талданып, аудит өтүүдө:




«Бир жерден бирин-бири кайталаган же натыйжалуулугу күмөн жараткан түзүмдөрдү көрүп калсак же санариптештирүү жолу менен айрым процедураларды кыскартсак, анда кээ бир структураларды жоюу маселеси каралат. Бирок биздин максат мамлекеттик түзүмдөрдү жоюу, кызматкердердин санын кыскартуу эмес. Биздин мүдөө – башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу, бюрократиядан арылуу».




Аткаруу бийлиги бюрократияны азайтууну ириде кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуудан баштарын айтып чыкты.




Маселен, 14-апрелден тарта элүү жашка чейинки жарандарга кагаз түрүндө маалымкат берүү токтотулат.




Демек, жарандар жапырт түрдө «Түндүк» тиркемесин көчүрүп алып, аны колдонууну үйрөнүүгө милдеттүү болот. Маалымкаттардын көбү дал ушул система аркылуу онлайн бериле баштайт.




«Кайсы мамлекеттик мекеме азыркыга чейин кандай маалымкаттарды кагаз түрүндө, кандай документтерди «Түндүк» аркылуу берүүдө деген суроолорго жооп издеп, азыр катуу анализ жүргүзүп жатабыз. Кээ бир маалымкаттар «Түндүккө» тиркеле элек болсо, биз бара-бара аларды санариптештиребиз. Мамлекеттик мекемелердин жетекчилери бул тууралуу так айтпаса, санариптештирүү боюнча пландары жок болсо, алардын жоопкерчилиги каралат», – дейт Аяз Баетов.





 Сүрөт


СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GOV.KG





Сот отурумуна онлайн катышуу жана жеке сот аткаруучулар




Кыргыз бийлиги бул реформанын алкагында административдик жана жарандык иштер боюнча сот жараяндарын санариптештирүүнү тездетүүнү көздөп жатат.




Жогорку Сот Би-Би-Сиге маалымдагандай, бюрократияны азайтуу жана соттук териштирүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында өлкө боюнча 193 сот залынын 157си аудио жана видео жазуу, ошондой эле протоколдоо комплекси менен жабдылды.




Заманбап технологиядарды колдонуу сот жараяндарын тездетип, отурумдарга аралыктан катышууга мүмкүндүк түзөрү белгиленип жатат.




Реформанын жүрүшүндө өкмөт кызмат көрсөтүүнүн айрым түрлөрүн жеке секторго өткөрүп берүү тажырыйбасын колдонмой болду. Ага ылайык, жеке сот аткаруучулар институту түптөлүшү мүмкүн. Жогорку Сот бул эл аралык тажрыйбада кеңири колдонуларын жана сот чечимдеринин аткарылышынын натыйжалуугун арттырууга багытталганын белгилейт.




Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өлкөдө сот аткаруучулардын тартыштыгынан улам миллиондогон каражат өндүрүлбөй жатканын айткан.




«Нормага ылайык, айына бир сот аткаруучу 19 ишти карашы керек болсо, азыр 54 ишти кароого аргасыз болуп жатат. Бул өтө оор жана соттордун чечимдерин аткарууну жайлата турган жүк болуп жатат. Демек, аутсорсинг аркылуу мамлекеттик системанын жүгү жеңилдейт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жеке сот аткаруучулар карызды ыкчам өндүрүп, соттук тапшырмаларды тез аткарат», – деп айтылат Жогорку Соттун Би-Би-Сиге жолдогон катында.




Доогер сот аткаруучуларды өз алдынча тандоо укугуна ээ болот. Мамлекеттик жана жеке сот аткаруучулар ортосунда атаандаштык жаралса, кызмат көрсөтүүнүн сапаты артып, коррупциялык тобокелдик төмөндөйт деген пикирди Жогорку Сот айтууда.




Жеке сот аткаруучулардын ишин Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти көзөмөлдөйт. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, юридикалык билими, беш жылдык иш тажырыйбасы бар, квалификациялык сынактан ийгиликтүү өткөн талапкер сот аткаруучу боло алат.





клиника


СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GETTY IMAGES





Жеке клиникалар онкологияны дарылоого жана эмдөө жүргүзүүгө уруксат алат




Реформанын жүрүшүндө өкмөт онкологиялык ооруларды дарылоону жеке клиникаларга өткөрүп берүүгө ниеттенип жатат.




Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, онкологиялык жардам көрсөткөн жеке медициналык мекемелер мамлекеттик стандарттарга шайкеш жана катуу көзөмөл алдында иштешет. Бул азырынча демилге гана. Акыркы чечим бир нече анализ жана коомдук талкуудан кийин кабыл алынары айтылып жатат.




«Кыргызстанда онкологиялык оорулар өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Бейтаптарды натыйжалуу дарылоо жана аларга колдоо көрсөтүү зарыл. Жеке клиникаларга тейлөө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү – онкологиялык ооруларды тез аныктоо жана дарылоо жараянын тездетүүгө, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жол ачат», – дейт саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.




Ал ортодо реформанын шарапаты менен мындан ары жеке клиникалар эмдөө ишине тартыла турганы айтылууда. Саламаттык сактоо министрлиги календардык эмдөө негизинен мамлекеттик мекемелерде гана жүргүзүлүп келгенин, мындай тажрыйба туруктуу түрдө жеке сектор кайрылган жарандарга биртоп кыйынчылыкты жаратып жатканын жүйөө келтирүүдө.




Министрлик бул вазыйпаны аткарууга жеке клиникалар кол кабыш кылса, иши ансыз да көп бейтапканалардын түйшүгү азайып, эмдөө жараянына калың катмар тартылып, медициналык тейлөө ыңгайлуу жана ийкемдүү болот деген ишенимде турат.





tunduk


СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GOV.KG





«Жарандык коом колдоо көрсөтпөсө, реформа ишке ашпайт»




«Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-мартта кол койду.




Ошол эле күнү өкмөт башчы Адылбек Касымалиев «Ынтымак Ордодо» кеңешме өткөрүп, мамлекеттик башкарууну реформалоонун фундаменталдык этабы башталганын билдирген.




«Бул жөн эле кезектеги демилге эмес, бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү жараяндарын тездетүүгө багытталган чечкиндүү, ал тургай радикалдуу кадам. Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, мамлекеттер глобалдык атаандаштыктын жаңы этабына киришти. Кыргызстан бул чакырыктарга жооп бериши керек жана биздин негизги милдетибиз экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берүү үчүн президенттин реформаларын ишке ашырууга тоскоолдук кылгандардын бардыгын жоюу», – деген эле өкмөт башчы Адылбек Касымалиев.




Белгилүү ишкер Тилек Токтогазиев реформанын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу жараянына бизнестин, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү да катышуусу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, эгер алгылыктуу кеп-кеңеш айтылбаса, кезектеги куру сөз деген скептикалык көз караш өзгөрбөсө, демилге ишке ашпай, кагаз жүзүндө калышы мүмкүн.




«Чынында бирин-бири кайталаган түзүмдөр мындай турсун, бизде үч өкмөт түзүлүп калгандай мисалдар бар: өкмөт, президенттин иш башкармалыгы жана УКМК. Демек, көп жерде алар бири-биринин ишин кайталап жатканын байкап жатабыз. Бирок реформа жасашыбыз керек. Бул замандын талабы», – дейт Тилек Токтогазиев.




Кыргызстанда Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары бар. Өкмөттүн курамына 17 министрлик, бир комитет (УКМК), алты агенттик жана бир фонд (Социалдык фонд) кирет.




Макаланын автору Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти Айдай Аманкулова


https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c9w8j0wg4jdo



Видео-блок

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм
Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...