KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Лю Цзянпин менен жолугушту

20 февраля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.


Медербек Сатыев Лю Цзянпинди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады.


«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ар кыл тармактардагы кызматташтык туруктуулугу жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулушу менен айырмаланат. Мунун далили катары 2025-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Пекин шаарында жолугушуп, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер ыкчам өнүгүп, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн белгилешти», – деди Жогорку соттун төрагасы.


Жолугушууда сот тармагындагы кызматташтык да, башка тармактар сыяктуу эле, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди бекемдөөдө негизги ролду ойной турганы баса белгиленди. Бул кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири – сот адилеттиги жаатындагы тажрыйба алмашуу жана мыкты практикаларды натыйжалуу колдонуу.


Өз кезегинде, Лю Цзянпин Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасына жасаган расмий сапары ийгиликтүү өткөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.


«Биз тарыхый рекордго жетиштик жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапары кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүүсүндөгү жаңы тарыхый этап болуп калды десек жаңылышпайбыз», – деди Лю Цзянпин.


Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана достук мамилелерди бекемдөө боюнча ниеттерин тастыкташты. Жолугушууда өзгөчө көңүл санариптештирүүнү өнүктүрүүгө бурулду.


Белгилүү болгондой, санариптик технологияларды сот системасына киргизүү жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.


 


Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...