2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот системасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуу маселелерине арналган жыйын өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, соттук системаны санариптештирүү боюнча жумушчу топтун төрагасы Инара Гилязетдинова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди аткарууну контролдоо жана башкаруу Ситуациялык борборунун директору Азат Ибраимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев, ошондой эле сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу «Маалыматтык коопсуздук борбору» мамлекеттик башкармалыгы, «Түндүк» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Жыйында Инара Гилязетдинова маалыматтар чыгып кеткен учурда жеке юридикалык жоопкерчилик, соттордун мамлекеттик системаларына жеткиликтүүлүктү башкаруу, жумушчу станцияларды коргоо, видеобайкоо системалары, сот процесстерин аудио жана видео жаздыруу, ошондой эле жеке жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө жана башка кесепеттерге чара көрүү боюнча системалык маселелердин комплексин белгиледи.
Айрыкча, тиешелүү компетенттүү органдар жана кызматкерлер арасында ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликтин так чектелбегендигине көңүл бурулду. Колдонуучулардын аракеттерин, кирүүлөрдү жана маалыматтарды көчүрүүнү ачык каттоо, ар кандай көрүнүштөргө ыкчам жана эффективдүү жооп берүү механизмдерин, резервдик көчүрмөлөрдү түзүү жана маалымат базаларынын бүтүндүгүн коргоо зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, ведомстволор аралык кызматташтык, жаңжалдарды жөнгө салуу жана купуялык режимин сактоо маселелери да каралды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимовдун айтымында, гибриддик коркунучтардын өсүп жатышына байланыштуу сот системасынын киберкоопсуздугу институционалдык жана конституциялык-укуктук мүнөзгө ээ болууда, анткени бул түздөн-түз соттун көз карандысыздыгын жана сот процессинин катышуучуларынын укуктарын коргоо менен байланыштуу.
Ал сот бийлигинин көз карандысыздыгы судьялардын уюмдук жана функциялык автономиясын гана эмес, ошондой эле сот ишмердүүлүгүнүн маалыматтык корголушун да камтышы керектигин белгиледи. Соттук маалыматтык системаларга уруксаты жок кийлигишүү иштердин мазмунуна же каралып жаткан мөөнөттөрүнө таасир эте алат, тышкы кысымдын рычагдарын жаратып, соттук чечимдерге болгон ишенимди төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондуктан киберкоопсуздук соттун көз карандысыздыгы принцибинин негизги кепилдиги катары эсептелет.
«Сот бийлигинин көз карандысыздыгы судьялардын уюмдук жана функциялык автономиясын гана эмес, сот ишмердүүлүгүнүн маалыматтык коопсуздугун да камтыйт. Санариптештирүү шартында соттук маалыматтык системаларга уруксаты жок кийлигишүү иштердин мазмунуна же каралып жаткан мөөнөттөрүнө таасир эте алат, судьяларга тышкы кысымдын рычагдарын жаратып, соттук чечимдерге коомчулук алдында шек келтириши мүмкүн. Ошондуктан сот системасынын киберкоопсуздугу соттун көз карандысыздыгы принцибинин инструменталдык кепилдиги болуп эсептелет, ал санариптик инфраструктура аркылуу жашыруун таасир этүүнүн мүмкүнчүлүгүн жоюуну камсыз кылат. Сот тутумунун киберкоопсуздугу көмөкчү техникалык элемент катары эмес, соттун көз карандысыздыгынын укуктук жана институционалдык кепилдиги катары каралышы керек», — деп белгиледи Руслан Мырзалимов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин материалдык-техникалык базасы «Түндүк» ачык акционердик коомуна өткөрүлдү.
Бул багытта «Түндүк» ачык акционердик коому соттордун маалыматтык системаларынын туруктуу иштеши, соттук маалыматтарды коргоо, киберинциденттердин алдын алуу жана аларга жооп берүү боюнча негизги жоопкерчиликке ээ болуп жатат. Компания маалыматтардын бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылышы, маалыматтык ресурстардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышы, ошондой эле Сот департаменти жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө мониторинг жана жоопкерчилик боюнча ачык системаны түзүшү керек. Бул системанын техникалык инфраструктурасын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекеме менен бирге башкаруу жүргүзүлөт.
«Укук» мамлекеттик мекеменин өкүлү учурдагы инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштеши камсыз болоруна ишеним билдирди. Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди аткарууну контролдоо жана башкаруу Ситуациялык борборунун директору А. Ибраимов пайда болгон маселелерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечүү боюнча бир катар сунуштарын билдирди.

