KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу

21 февраля 2020

Сиздерди Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Бул майрам Мекенге, элибизге, туулган жерибизге берилип кызмат кылуунун өзгөчө белгиси болуп саналат.


Ата-Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес. Бул  биздин сот тутумуна, экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуул.


Өз үйүн, Мекенин коргоо – ыйык парыз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети.


Өлкөдөгү азыркы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин улуу энчиси. Тынчтык болсо, экономика өнүгөт, адамдар бейкут турмушта жашап жана эмгектенип, бакубат турмушту курушат.


Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жан дили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...