Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, салт-санаасын, рухий дөөлөттөрүн камтыган баа жеткис мурас. Ушул улуу мурастын баркын даңазалоо максатында 2025-жылдын 10-октябрында Араван райондук сотунда «Кыргыз тилим — адилеттүүлүккө үндөгөн тил» деген темада лекция өткөрүлдү. Бул иш-чара «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш планынын алкагында уюштурулду.
Лекцияга Араван райондук билим берүү мекемесинен кыргыз тили жана адабият боюнча кызматкери Жаркын Кудайбердиева катышып, кыргыз тилинин коомдогу орду, анын адилеттүүлүккө, ынтымакка жана адамгерчиликке үндөгөн күчү тууралуу кеңири баяндама жасады.
Иш-чарада кыргыз тилинин тарыхый түпкү баалуулугу, коомдогу орду, укуктук макамы жана келечек муун үчүн мааниси тууралуу айтылды.
Бул иш-чара мамлекеттик тилдин коомдогу ордун чыңдоого, тилдин биримдик жана адилеттүүлүк алып келүүчү күч катары таанылышына багытталды. Лекция учурунда катышуучулар кыргыз тилинин тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрү, анын баалуулук катары орду жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Лекциянын негизги максаты — мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу, жаштардын тилге болгон кызыгуусун ойготуу жана кыргыз тилин адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын жана маданияттын тили катары кеңири жайылтуу болду.
Иш-чаранын катышуучулары лекциядан зор таасир алып, тилге болгон мамилени даты бир ирет кайра карап чыгууга түрткү алышты.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин статусун бекемдеп гана тим болбостон, улуттук аң-сезимди чыңдоого, тилди сүйүүгө жана аны күнүмдүк жашоодо колдонууга чоң түрткү берет.
Кыргыз тили — бул өткөндүн тарыхы, бүгүнкү күндүн зарылдыгы жана келечектеги кала бергис мурас.
Сот-мыйзамдын күзгүсү. Ал эми тил-ошол күзгүдөгү чагылыш. Эгер тилде тактык, тазалык, чындык болбосо, мыйзамдын да жүзү бүдөмүк болот.
Кыргыз тилинде “чындык”, “акыйкат”, “адилет” деген сөздөр жүрөктүн түбүнөн чыккан. Алар жөн гана термин эмес, улуттун дүйнө таанымындагы негизги баалуулук.