Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Сатыев Түркия биринчилерден болуп өлкөнүн көз карандысыздыгын тааныганын жана бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык стратегиялык деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн сот жана укуктук тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, судьялардын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз уюштуруу, сот тутумуна санариптик чечимдерди киргизүү, инвестициялык талаштарды кароодо эл аралык стандарттарды камсыз кылуу тууралуу сөз болду.
Ошондой эле КР Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Түркиянын Юстиция академиясынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана биргелешкен онлайн-окутууларды өнүктүрүү маселелери белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар судьялар корпусунун квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу программаларын активдүү ишке ашырууну макулдашышты.
https://www.kabar.kg/news/kyrgyzstan-menen-trkiya-sot-tarmagynda-tazhryjba-almashuunu-kchtt/

