KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстан жана Түркия сот реформалары боюнча тажрыйба алмашат

19 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунын төрагасы Медербек Сатыев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугушуу өткөрдү. Анда эки өлкө ортосундагы сот жана укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Жолугушууга Жогорку сот төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана элчиликтин үчүнчү катчысы Мухтерем Өздинчер Акгюн катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Сатыев Түркия Республикасы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныганын белгилеп, бул чечим эки элдин ортосундагы тарыхый жакындыкты жана бир туугандык мамилени бекемдегенин айтты.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет башчыларынын саясий эркинин негизинде эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып, өз ара ишеним мындан ары да чыңдалып жатат. Бул багытта Түрк мамлекеттер уюму маанилүү интеграциялык аянтча катары бааланды.


Тараптар сот системасына санариптик чечимдерди киргизүү, судьялар ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу жана инвестициялык талаштарды кароодо эл аралык стандарттарды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


Мындан тышкары, Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Түркиянын Юстиция академиясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, судьялардын квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен программаларды өткөрүү жана онлайн-окутууну өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.


Булак: Эркин-Тоо — https://erkin-too.kg/kyrgyzstan-zhana-turkiya-sot-reformalary-boyuncha-tazhryjba-almashat/


Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...