Судья болуу — бул адамдардын тагдырына жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана адилеттүүлүктүн тиреги болуу. «Кабар» агенттиги Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Гүлбара Кудабаева менен кесиптик эмгек жолу, медиация жана адилет чечим кабыл алуунун жоопкерчилиги тууралуу маектешти.
— Судья болуу чечимин качан кабыл алгансыз, эмгек ишмердүүлүгүңүздө кандай жолдорду басып өттүңүз?
— “Судья болом” деген ой мектепте 7-8-класстарда окуп жүргөндө келген. 1983-1988-жылдары ал убактагы Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинин укук таануу жаатында билим алгам. 1989-жылы жогорку окуу жайын бүтүп, Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгында адис болуп алгачкы эмгек жолумду баштагам. 2008-жылы Юстиция башкармалыгынан Ысык-Көл облусунун Сот департамент башкармалыгына которулуп, 2016-жылга чейин эмгектендим. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен Ысык-Көл облустук сотунун судьясы болуп дайындалдым. 2022-жылы ротациянын негизинде Нарын облустук сотуна которулуп, бүгүнкү күндө Нарын облусунда жашап, эмгектенип келүүдөмүн.
— Сиз үчүн судьялык кызмат деген эмне?
— Чындыгында судьялык кызмат оор кызмат, анткени адамдардын тагдырын, алардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыш маселелерди чечүү үчүн өтө кылдаттык керек, кесиптик деңгээлиңди көтөрүү үчүн ар дайым изденүү, мыйзамдарды окуу зарыл. Судья болуу — мен үчүн мыйзам жөн гана кагаз эмес, бул — адилеттикке алып барган жол. Судьялык кесип — адамдардын тагдырына таасир эткен адилеттиктин тиреги болуу. Ар бир адам өзү жүрөгү менен тандап алган кесибин канчалык оор жана түйшүктүү болбосун, ага бүтүндөй аң-сезимин жана жан дүйнөсүн арнап иштеши керек. Ошондо гана ал иш жашоонун маңызына айланат.
Судья болуу – бул бийлик жүргүзүү эмес. Бул – адамдарга адилеттүүлүк тартуулоо, алардын мыйзамга, жашоого жана өз келечегине болгон ишенимин сактоо. Кээде сот залынан чыгып бара жаткан адам чечимге нааразы болушу мүмкүн. Бирок убакыт өтүп, ал ошол чечимдин туура болгонун түшүнөт. Себеби сот адилеттүү чечим кабыл алууга милдеттүү, ал эми чыныгы адилеттүүлүк ар дайым эле жеңил чечим боло бербейт. Мен мыйзам алдында гана эмес, адамгерчилик алдында да жоопкермин.
— Эмоционалдуу оор иштерди кароодо кандай сезимде болосуз? Эмоция менен кандай күрөшөсүз?
— Сотко ар түрдүү кырдаалга кабылган адамдар келишет. Алардын арасында улгайган адамдардан тартып жаш балдарга чейин болот, албетте, сот процессинде адилет чечим кабыл алуу үчүн судья же сотко катышкан башка адамдар эмоцияга алдырбоого аракет кылышы керек. Анткени, ашыкча эмоция объективдүү баа берүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан судья өзүн карманып, ички сезимдерин сыртка чыгарбай, сабырдуулук менен иш алып барууга аракет кылат. Кээде ичинде ар кандай сезимдер пайда болгону менен, аларды көзөмөлдөп, мыйзамдын негизинде гана чечим чыгаруу зарыл. Бирок сотто каралган иштердин баары эле жеңил боло бербейт. Айрыкча балдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу иштерди кароо өтө оор. Мындай учурларда иш кагаздарын окуп, далилдерди көрүп, окуянын чоо-жайын билген адам катары кайдыгер калуу кыйын. Баланын башынан өткөн азап-кайгыны элестетип, анын келечеги, тагдыры жөнүндө ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Көп учурда мындай иштерди карагандан кийин да ал окуялар адамдын оюнан кетпей, күндүз да, түнкүсүн да эстен чыкпай калат. Баланын тагдыры, анын көргөн кордугу, психологиялык абалы жөнүндө ойлонуп, бушайман болосуң.
Ошол эле учурда кесиптик милдетти аткарып жаткан адам өзүнүн жеке сезимдерин эмес, мыйзамды жана адилеттикти жетекчиликке алып иш жүргүзүүгө тийиш. Ошондуктан сот тармагында иштеген адамдарга чоң сабырдуулук, ички күч жана моралдык туруктуулук керек. Алар оор иштерди карап жатып да, өз эмоцияларын көзөмөлдөп, ошол эле учурда жабыр тарткан адамдардын тагдырына кайдыгер болбой, адилет чечим чыгарууга умтулушат.
— Сотто ишти кароо учурунда эң негизги принциптер кайсылар жана сот чечимин кабыл алууда кайсы факторлор негизги ролду ойнойт?
— Сотто ишти кароодо биринчиден ишти терең окуп, материалдар менен кылдат таанышуу керек. Ал эми сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамды так сактоо менен тараптардын тен укуктуулугу, атаандашуучулук жана ар тараптуулук принциптеринин негизинде иш алып баруу зарыл. Ошондой эле ар бир далилди кылдат баалап, бардык жагдайларды объективдүү карап чыгуу сот чечимин кабыл алууда негизги ролду ойнойт. Мунун баары адилет жана мыйзамдуу чечим чыгарууга өбөлгө түзөт.
— Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө медиация институту өнүгүп келе жатат. Бул соттордун иш жүктөмүн азайтуу, элдин убактысын үнөмдөө максатын көздөйт экен. Медиация – деген эмне? Бул жөнүндө окурмандарга түшүндүрмө бере кетсеңиз?
— Медиация — бул латын тилинен которгондо «ортомчу», «арачы» дегенди билдирет. Медиация — чыр-чатакты жөнгө салуу жол-жобосу болуп саналат, башкача айтканда, тараптардын талаш-тартыштарын соттук териштирүүлөргө жеткирбей чечүү. Медиация түшүнүгү кыргыз элинин турмушунда болуп келген көрүнүш. Эл арасындагы калыс, кадыры сиңген аттуу-баштуу аксакалдар, бийлер, казылар талаштуу маселени ортого коюп, кара кылды как жарган калыстык менен чечип келишкен. Окумуштуу Чокон Валихановдун жазмаларында дагы бул жөнүндө айтылат. Ошондой эле, улуттун уңгусу болгон “Манас” эпосунда кеменгер Кошой балбан орчундуу маселени чечүүдө эл көп кайрылып, кеңешин угуп, жардамын алган, араздашкандарды жараштырган данакер, калыс адам болгондугу баяндалат.
Ал эми бүгүнкү күндө медиатор жогоруда белгилегендей, эки же андан көп тараптын ортосундагы талаш-тартышты, чыр-чатакты соттон тышкары, бейтараптуулук менен жөнгө салууга жардам берген көз карандысыз адис. Ал тараптардын өз ара макулдугуна келишине жана эки тарапка тең ыңгайлуу чечим табууга көмөктөшөт. Медиатордун негизги өзгөчөлүктөрү: бейтараптык, ортомчулук, купуялуулук жана ыктыярдуулук болуп саналат. Тагыраагы, ал тараптарды сүйлөшүүгө үндөйт, бирок чечимди өзү кабыл албайт. Ошондой эле медиация учурунда айтылган маалыматтар жашыруун сакталат жана тараптар медиатордун кызматынан өз каалоосу менен пайдаланышат. Медиатордун негизги ролу: чыр-чатактын себептерин аныктап, тараптардын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү жоюуга, конструктивдүү диалог түзүүгө шарт түзөт.
— Судья болууну каалаган жаштарга, айрыкча, кыздарга кандай кеп-кеңешиңизди айтасыз?
— Судья болууну каалаган жаштарга терең билим алып, ал билимди ар дайым өстүрүү үчүн көп окуп, изилденүүнү, алдыга койгон максатка жетүү үчүн таалыкпай эмгектенүүнү каалайм.
— Маегиңизге рахмат!
https://www.kabar.kg/news/kyzmattyn-tjshg-zhana-mediaciyanyn-rolu-sudya-glbara-kudabaeva-menen-maek/

