KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук соту мамлекеттик мекемелер арасында кичи футбол боюнча чемпионат өткөрдү

22 июня 2026

Лейлек райондук сотунун демилгеси менен Лейлек районундагы иш мекемелер арасында кичи футбол боюнча кезектеги мелдеш болуп өттү.


Спорттук иш-чара Раззаков шаарында өткөрүлдү.  Чемпионат «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында уюштурулду. Бул турнирдин негизги максаты – массалык спортту жайылтуу, мамлекеттик кызматкерлерди сергек жашоого үндөө, ошондой эле мекемелер арасындагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөө болуп саналат.


Кызуу беттештердин жүрүшүндө командалар жогорку даярдыгын көрсөтө алышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери I, II жана III даражадагы дипломдор менен салтанаттуу түрдө сыйланышты.


Командалык жетишкендиктерден тышкары, талаадагы өзгөчө жеке чеберчилиги үчүн катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча атайын сыйлыктарга ээ болушту:«Мыкты оюнчу».  «Мыкты коргоочу».  «Мыкты дарбазачы».


Салтанаттуу сыйлоо аземин Лейлек райондук сотунун төрагасы Аскат Советбек уулу өткөрүп, өзгөчөлөнгөн командаларга жана спортчуларга дипломдорду тапшырды.  Мындай спорттук мелдештерди өткөрүү жамааттардын биримдигин бекемдөөгө жана аймакта футбол маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жакшы салтка айланууда.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...