KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук соту аксакалдар соту менен биргеликте жыйын өткөрдү

27 апреля 2026

Лейлек райондук соту жергиликтүү коомчулукта мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоо максатында аксакалдар соту менен биргеликте жыйын өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө тараптар жарандык талаш-тартыштарды жөнгө салууда аксакалдар сотунун ролу, салттуу институттар менен мамлекеттик сот органдарынын өз ара кызматташуусу, ошондой эле алдын алуу иштерин күчөтүү маселелерин талкуулашты. Катышуучулар коомдогу ынтымакты сактоодо жана талаш маселелерди сотко жеткирбей чечүүдө аксакалдар сотунун мааниси чоң экенин белгилешти.


Жыйындын алкагында Лейлек райондук сотунун төрагасы Аскат Советбек уулу сот адилеттигин ишке ашырууда коомдук институттар менен тыгыз кызматташуу маанилүү экенин белгиледи. Ал аксакалдар сотунун коомдогу орду өзгөчө экенин айтып, жарандардын ортосундагы талаштарды тынч жол менен чечүүгө кошкон салымын жогору баалады. Ошондой эле ал укуктук маданиятты жогорулатуу жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында биргелешкен иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.


Мындан тышкары, жыйында жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзамдарды түшүндүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштар айтылды.


Жыйындын жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз кызматташтыкты улантуу жана укуктук маданиятты көтөрүү багытында биргелешкен иштерди активдештирүү боюнча макулдашышты.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...