Сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу максатында бардык сот имараттарына QR-коддор камтылган маалыматтык такталар орнотулду. Ал аркылуу жарандар сот тутумунун жалпы ишине карата пикирлерин калтыра алышат. Ошондой эле QR-коддор жарандардын чыгарылган чечимдердин адилеттүүлүгүн, соттогу кызматкерлердин мамилесин баалоосуна жана соттогу түзүлгөн шарттар боюнча өз ойлорун билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк ачат. Билдирүү калтырган жарандардын өздүгү жашыруун бойдон калып, аты-жөнү жарыяланбайт.
Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 72 соттун имаратына атайын QR-коддор орнотулуп, иштей баштады.
Өлкөбүздө соттун 72 имаратына пикир калтыруу үчүн QR-коддор орнотулду