2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Жогорку соттун судьялары Нурбек Эсеналиев, Дамирбек Назаров, Нурсейит Арапбаев ошондой эле Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев өз сөзүндө сот тутумунун реалдуу натыйжалуулугу ар бир судьянын жеке жоопкерчилигине жана кесиптик деңгээлине түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу бул жөн гана милдет эмес, бул жогорку этикалык нормаларды жана процессуалдык тактыкты сактоо болуп саналат.
Мындан сырткары, Төрага сот аппаратынын ишине өзгөчө басым жасап, кызматкерлердин жоопкерчилигин эң жогорку деңгээлге көтөрүү талабын койду. Иш кагаздарын тактык менен жүргүзүү, соттук процесстерди кынтыксыз уюштуруу жана жарандар менен мыйзамдын чегинде гана иш алып баруу бул жөн гана милдет эмес, соттун кадыр-баркына түздөн-түз таасир этүүчү негизги көрсөткүчтөр экенин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов 2025-жылы Баткен облусунун биринчи инстанциядагы сотторго жалпы 11581 иш келип түшкөндүгүн, анын ичинен 10885 иш жана соттук материалдар каралып, 2024-жылга салыштырмалуу 1717 ишке же, 18,7% га көп каралгандыгын маалымдады.
Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте жалпы 476 иш каралып, өткөн жылга салыштырмалуу 49 ишке көп болуп, 9,2% түзгөн. Ал эми, облустук сотто каралган иштердин ичинен 157 иш кассациялык тартипте даттанылып, алардын 122 иш же болбосо 77,7% өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.
Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан, өткөн жылы сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты боюнча Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары маалымат беришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Нурбек Эсеналиев, Дамирбек Назаров жана Нурсейит Арапбаев аталган аймакка соттук тажрыйбаны жалпылоо жана жергиликтүү сотторго методикалык көмөк көрсөтүү максатында келишип, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат беришти.
Бул иш-чаранын алкагында сот ишин уюштуруунун сапаты жана мыйзам ченемдерин колдонуудагы актуалдуу маселелер терең талдоого алынып, судьялардын кесипкөйлүгү, мыйзамды так жана бирдей колдонуусу, ошондой эле процессуалдык тартипти сактоосу сот адилеттигинин сапатына түздөн-түз байланыштуу экени белгиленди.
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун иштерди кароодогу сапаттык көрсөткүчтөрүнө токтолду. Төраганын маалыматы боюнча, Баткен облустук соту, Баткен райондук сотторунда иштерди кароодо сапаттык көрсөткүчтөрү төмөн судьялар жок. Ал эми Сүлүктү шаардык сотундагы судьялардын көрсөткүчү 100 %ды түзүп, аталган шаардык сотто дагы көрсөткүчтөрү төмөн судьялар аныкталган эмес. Ошол эле учурда Кадамжай, Лейлек райондук соттору менен Кызыл-Кыя шаардык сотунда көрсөткүчтөрү жогору болгон судьялар аныкталган эмес.
Төрага төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон соттордун судьяларына тез арада насаатчыларды бекитип, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде атайын окутууларды уюштурууну тапшырды.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунда 2025-жылы уурдоо, ата-эненин балдарды багуудан качуусу, алдамчылык, экономикалык контрабанда, бейбаштык, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, никени бузуу, жашы жете элек балдарга алимент өндүрүү жана жер талаштары категориялары боюнча иштер көп каралгандыгы маалым болду.
Төрага аталган облус аймагында көп каралган иштерди кароо боюнча сот практикасын жүргүзүүнү, укук колдонуу тажрыйбасында кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн иштөөнү тапшырды.
Медербек Сатыев иштерди автоматтык бөлүштүрүү, аудио жана видео жаздыруу системаларынын иштеши боюнча маалымат алып, тез арада онлайн сот отурумдарын көрсөтүүнү тездетүүнү талап кылды.
Төрага QR-системасы аркылуу жарандардан түшкөн негизги кайрылуулар жана сын-пикирлер боюнча кеңири маалымат берди. Анын айтымында, сотко келген тараптардын нааразычылыгы көбүнчө материалдык-техникалык абал, сот кызматкерлеринин этикасына, алардын эл менен болгон мамилесин жакшыртуу зарылдыгына басым жасашкан. Бул санариптик система аркылуу айрым судьялардын ишмердүүлүгүнө оң пикирлер да келип түшкөнү белгиленди.
Төрага QR-системасы аркылуу келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлерге өз убагында чаралар көрүлүшү керек экендигин эскертти.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө иштерди автоматтык бөлүштүрүү, жер тилкелери, оңдоо, курулуш жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо, кадрлар, кадр саясаты жана коррупцияга каршы иш-чаралар туурасындагы маселелер каралды.
Жыйынтыгында Төрага Медербек Сатыев күн тартибиндеги бардык маселелердин кынтыксыз аткарылышын талап кылуу менен бирге, ар бир тапшырманы ыкчам, сапаттуу жана натыйжалуу ишке ашыруу сот тутумунун алдындагы негизги жоопкерчилик экенин өзгөчө белгиледи.

