KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

"Манас” угуу декадасынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Сот адилеттик үйүндө иш-чара өттү

01 декабря 2025

“Манас” эпосун угуу декадасынын алкагында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Каракол шаардык сотунун төрагасы Тарасбек Осмонов, Ысык-Көл административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова, Ысык-Көл облустук сотунун судьялары жана аталган сот аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда маданий-агартуу багытындагы иш-чара өттү.


Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундар арасында патриоттук рухту күчөтүү жана кыргыз элинин руханий мурастарынын арасынан өзгөчө орунга ээ болгон «Манас» эпосунун маңызын жайылтуу болду.


Иш-чарада сот кызматкерлери, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мугалимдери Чолпон Толубаева, Назира Жумашова жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери Айсезим Жаныбекова, Акжолтой Конокбаев, ошондой эле маданияттын мыкты кызматкери жана манасчы Асан уулу Тилек катышып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, эпостун тарыхый жана тарбиялык мааниси талкууланды. Катышуучулар эл мурастарын урматтоо, аны кийинки муунга өткөрүү ар бир жаран үчүн маанилүү экенин белгилешти.


Өз сөзүндө облустук соттун төрагасы Нуркалый Асанбаев Эпостогу Манас баатырдын образы — элдин укугун, турмуштук адилеттигин жана бейкуттугун камсыз кылууга багытталган жетекчиликтин үлгүсү. Семетей жана Сейтек да ата мурасын улап, акыйкатты туу көтөрүү, элдин тынчтыгын сактоо жана жоопкерчиликти таза аткаруу сыяктуу принциптерди бекемдейт. Cот бийлигинин негизги милдети — мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин калыс коргоо, ошондой эле коомдун сот системасына болгон ишенимин чыңдоо. Бул багыттагы аракеттер эпосто камтылган адилеттүүлүк жана акыйкаттык нускалары менен тыгыз үндөшөт – деп баса белгиледи.


Ысык-Көл облустук сотунун өкүлдөрү мындай иш-чаралар кызматкерлердин маданий билимин жогорулатып гана тим болбостон, улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө салым кошорун баса белгилешти.


Декаданын алкагында сот органдарында дагы бир катар маданий жана агартуу иш-чаралары өтөрү маалымдалды.


Видео-блок

Ар бир сотко баа берилет. Жалал-Абад облусунун сотторунун 2025-жылдагы иштери каралды
ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...