KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Манас райондук соту укук коргоо органдары менен жыйын өткөрдү

16 апреля 2026

Манас райондук сотунун иш планынын негизинде аталган соттун төрагасы Расул Жолдошалиев райондук пробация органы жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу өткөрүлдү.


Жыйында соттун төрагасы келген өкүлдөргө Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндөгү Кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулук, укук бузуулар боюнча майда бейбаштык жана укук бузуу протоколдорун түзүүдө кемчиликтер жаралып жаткандыгы тууралуу талкуу жүргүзүштү. Андан соң 2025-жылы райондук соту тарабынан каралган кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча маалымат берип, күчүнө кирген соттук актылар аталган органдарга аткарууга жөнөтүлүп жана аткарылгандыгы тууралуу материалдарды  өз учурунда сотко кайтарууну эскертти.


Манас райондук пробация органынын башкы адиси Р.Алымкулов райондук соту тарабынан кылмыш-жаза жана укук бузуу иштери боюнча жөнөтүлгөн ар бир актыга өзүнчө токтолуп, пробация органы тарабынан өз учурунда каттоого алынып, каттоого алынгандыгы тууралуу маалыматтар өз учурунда сотко жөнөтүлүп тургандыгын билдирди. Ал эми, укук бузуу иштери боюнча укук бузуучулар белгиленген коомдук иштерди өз аймактарына тийешелүү  Айыл өкмөттөрүндө күнүгө төрт сааттан иштеп жаткандыгын  кошумчалады.


Райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү А.Токтосунов административдик камакка алынган ар бир укук бузуучу, камак мөөнөтүн өз убагында өткөргөндүгүн билдирди.


Жолугушуунун соңунда соттор менен пробация органы жана укук коргоо органынын өкүлдөрүнүн пикир алмашууларынан улам, бирдиктүү иш алып баруу үчүн мындай маалыматтык жолугушууларды өткөрүп туруу жагы макулдашылды.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...