KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды

24 октября 2024

Бүгүн,  2024-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалган Медербек Сатыевди Жогорку соттун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине тааныштырды.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов дагы катышты.


Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Сатыев Медербек Асанбекович 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалгандыгын билдирди.


Өз кезегинде Медербек Сатыев элдин сотторго болгон ишенимин кайтарууга, сот адилеттигин орнотууга бардык күч аракетин жумшай тургандыгын айтты.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...