KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Элдин сотторго болгон ишеними төмөн

25 декабря 2024

Бул туурасында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облустук сотунда билдирди.


2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасы Медербек Сатыевдин Ош облусуна болгон иш сапары соңуна чыкты.


Төрага Ош облустук сотунда жыйын өткөрүп, ага облустук соттун, Административдик соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.


Алгач, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев маалымат берип, аталган сотто 15 судья, 45 аппарат кызматкери эмгектенип, ушул жылдын 9 айында 2 223 иш каралгандыгын айтты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу  419 иш көбүрөөк каралган.


Андан соң Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев үстүбүздөгү жылдын 9 айында 734 иш каралып, анын ичинен 35 иш мөөнөтү өтүп каралгандыгын айтып,  мындан ары мөөнөтүн бузуу менен иштерди кароого жол берилбешин кошумчалады.


Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов маалымат  берип, буга чейин айлап, жылдап  аткарылбай жаткан иштерди тезинен калыбына келтирүүгө аракет  жумшалгандыгын айтты. Мындан тышкары соттун чечимин убагында аткарбай жаткан жана тийиштүү форма кийбеген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлгөндүгүн билдирди.


Медербек Сатыев элдин сот системасына болгон ишенимдин төмөндөшү өлкөдө адилеттүүлүктү камсыз кылуу багытындагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилеп, бул абалды өзгөртүү керек экендигин белгиледи.


Сотко  акыйкат издеп эл кайрылат. Укугу бузулган  тараптардын укугун калыбына келтирүү негизги милдеттердин бири. Соттор иштерди өз убагында жана мыйзамдуу, адилетүү, негиздүү карашы керек. Ошол эле убакта соттордун  кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иш аракеттерди көрүшүбүз зарыл”, деди Медербек Сатыев.


Белгилей кетүүчү жагдай,  Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев республиканын бардык сотторун кыдырып, жеринде орун алып жаткан көйгөйлөр менен таанышып чыкты.


 


Видео-блок

1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...