Бул туурасында 2026-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Талас облусунун жергиликтүү сотторунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө арналган кеңешмеде билдирди. Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жана судьялары Айнаш Токбаева, Бактыгул Аманалиева, Нурманбет Эшалиев катышты.
“Мамлекет сот системасын реформалоо жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча олуттуу шарттарды түзүп жатат. Бул сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылууга, мыйзамга гана таянып иштөөсүнө бекем негиз болуп саналат.
Мындай колдоо ар бир кызматкерден жогорку жоопкерчиликти жана мыйзамдуулукту так сактоону талап кылат. Сот корпусу мамлекет менен элдин ишенимин акташы керек!
Өлкөнүн туруктуулугу, реформалардын натыйжалуулугу жана элдин ишеними түздөн-түз сот бийлигинин адилет иштөөсүнө байланыштуу. Элдин нааразычылыгы негизсиз эмес экенин моюнга алышыбыз керек. Сот мыйзамдын жоокери болушу шарт: калыс, адилет, принципиалдуу жана адамгерчиликтүү”, — деп белгиледи Төрага.
Төрага аталган аймактын жергиликтүү сотторунун өткөн жылдагы иштерди кароодогу сапаттык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, айрым судьялардын караган иштери 100% күчүндө калгандыгын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди. Ошол эл учурда эң төмөн 31, 58% көрсөткүчкө ээ болгон судьяларга тезинен судьялардын арасынан насаатчыларды бекитип, көрсөткүчтөрүн жакшыртууга көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Медербек Сатыев бул багытта Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде көрсөткүчтөрү төмөн судьяларды окутуу жагын карап чыгууну аталган мектептин директоруна сунуштады.
Төрага соттук практиканы жалпылоо боюнча методикалык сунуштоолорго ылайык жалпылоо жүргүзүлбөгөндүгүн, бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жана мыйзам ченемдерин бирдей колдонуу боюнча негиздүү сунуштар берилбегендигин, биринчи инстанциядагы соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча материалдык жана процессуалдык укук ченемдеринин бузулушунун себептери жана негиздери көрсөтүлбөгөндүгүн сынга алды.
Жогорку соттун Төрагасы иштерди автоматтык бөлүштүрүү, аудио жана видео жаздыруу системаларынын иштеши боюнча маалымат алып, тез арада онлайн сот отурумдарын көрсөтүүнү тездетүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Төрага Талас облусу боюнча QR-системасы аркылуу келип түшкөн негизги сунуштар жана сын-пикирлерге токтолду.
Анын айтымында, айрым жергиликтүү соттордун төрагалары келген жарандарга орой мамиле кылып жаткандыгын, имараттардын эскилиги жана суук болуп жаткандыгын жазышкан. Ошол эле учурда сотко келген тараптар айрым судьялар сылык жана түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгын айтышкан.
Медербек Сатыев келген тараптарга сылык мамиле жасоону жөнөкөй аппарат кызматкерлеринен баштап, судьяларга чейин эскертти. Төрага сотко жарандар жыргаганынан эмес, укугу бузулганда, акыйкаттык издеп, акыркы үмүт менен кайрылаарын баса белгиледи.
«Ал сот босогосун аттаган ар бир адам өзүн коопсуз, угулган жана урматталгандыгын сезиши керектигин айтты. Эгерде жаран соттон жылуу сөз, так түшүндүрмө жана акыйкат чечим чыкса, анын сот бийлигине болгон ишеними бекемделет», — деп белгиледи Төрага.
Ошондой эле сот процесси ачык-айкын, түшүнүктүү жана адам укуктарын урматтоо принциптерине негизделип жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалады. Ар бир кызматкердин маданияттуу жүрүм-туруму сот тутумунун жалпы аброюна түздөн-түз таасир этерин эске салып, жарандар менен иш алып барууда жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү күчөтүүгө чакырды.
Жыйындын күн тартибинде ошондой эле кадр саясаты, сот приставдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер каралды.
Төрага өз сөзүндө иштерди өз мөөнөттөрүндө карап, негизсиз создуктурууга жол бербөө зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Сот адилеттиги өз убагында ишке ашканда гана жарандардын укугу толук кандуу корголорун айтты.
Ал судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин ишинде тартипти, жоопкерчиликти жана тактыкты күчөтүү зарылдыгын белгилеп, ар бир чечим мыйзамдын талаптарына так шайкеш келип, негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш экенин кошумчалады.
Жыйынтыгында сот тутумунун негизги максаты — жарандардын ишенимин арттыруу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана адилет сот өндүрүшүн камсыз кылуу экенин баса белгилеп, бул багытта биргелешип, талыкпай иш алып барууга чакырды.

