KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Сот адилеттигинин сапаты – ар бир судьянын кесипкөйлүгүнө жана мыйзамды так, бирдей колдонушуна көз каранды

27 февраля 2026

Бул туурасында 2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Ош облусунун жергиликтүү сотторунун өткөн жылда аткарган иштерине арналган жыйында билдирди.


Жыйынга ошондой эле Жогорку соттун судьялары Болотбек Батыралиев,  Лепес Темирбеков, Бакыт Усубалиев, Кумушбек Жоомартов,  Болотбек Акматов,  Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов,  Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.


Төрага өз сөзүндө сот адилеттигинин сапаты түздөн-түз ар бир судьянын кесипкөйлүгүнө, ички жоопкерчилигине жана мыйзамды так, бирдей колдонуу жөндөмүнө байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзам нормаларын бирдей колдонуу – сот практикасындагы туруктуулукту камсыз кылуунун жана жарандардын сотко болгон ишенимин арттыруунун негизги шарты болуп саналат.


Медербек Сатыев судьяларды ар бир ишке кылдат жана принципиалдуу мамиле кылууга чакырып, сот чечими мыйзамдуу гана болбостон, негиздүү жана адилеттүү болушу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, сот адилеттиги – бул жарандардын укугун коргоонун кепилдиги жана мамлекеттеги мыйзам үстөмдүгүнүн негизги көрсөткүчү.


Жыйындын жүрүшүндө Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жергиликтүү соттордун өткөн жылы жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө токтолуп,  жалпысынан 45870 иш келип түшүп анын ичинен 42422  иш каралгандыгын, ал эми  2024-жылы бул көрсөткүч 39734 ишти  түзүп, салыштырмалуу 6136 ишке көп түшкөндүгүн белгиледи.


Мындан тышкары, мекеме-ишканаларга карата мыйзам бузууларды жоюу максатында шаардык жана райондук соттор тарабынан жалпысынан 86 жеке аныктама чыгарылгандыгын маалымдады.


Төрага жогорку сапаттык көрсөткүчтөргө ээ болгон судьяларды өзгөчө белгилеп, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу жана мыкты практикаларды башка сотторго үлгү катары колдонуу зарылдыгын айтты.


Ошол эле учурда көрсөткүчтөрү төмөн судьяларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын катуу эскертип, иштин сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү талап кылынарын белгиледи. Ал кемчиликтерди жашырбай, ар бир иш боюнча терең талдоо жүргүзүп, себептерин аныктоо жана кыска мөөнөттө жоюу зарылдыгын айтты.


Мындан тышкары, судьялардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, окуу-тренингдерге активдүү катышуу жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү өз убагында өздөштүрүү милдети коюлду. Сот системасынын күчү – анын бирдиктүү практикасында жана мыйзамды бирдей колдонууда экени дагы бир жолу баса белгиледи.


Өткөн жылы Ош облусундагы жергиликтүү соттор тарабынан ата-эненин балдарды багуудан качуусу, уурдоо,  алдамчылык,  бейбаштык, экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, никени бузуу, алимент өндүрүү  категориялары боюнча көп иштер каралган.


Жыйында иштерди автоматтык бөлүштүрүү, аудио жана видео жаздыруу системалары, QR-системасы аркылуу келип түшкөн негизги сунуштар жана сын-пикирлер, соттордун материалдык-техникалык абалы, кадр саясаты жана сот приставдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.


Төрага жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелер сөз жүзүндө калбастан, сөзсүз түрдө иш жүзүндө аткарылышы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, учурда убакытты текке кетирүүгө мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан ар бир багыттагы иш ыкчамдык жана жогорку натыйжалуулук менен жүргүзүлүүгө тийиш.


Төрага судьялардын эмгеги оор жана жоопкерчиликтүү экенин жакшы түшүнөрүн билдирип, сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууда ачык-айкындуулукка, түшүндүрүү иштерине жана коомчулук менен натыйжалуу байланышка өзгөчө көңүл буруу керек экендигин кошумчалады.


Видео-блок

НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда
Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...