KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Сот системасында коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт

30 января 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна иш сапарын улантты. Бүгүн, 2025-жылдын 30-январында, жогорку сот органынын башчысы Чүй облусунун Административдик сотуна барды.


Кеңешмеде Чүй облусунун Административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев соттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын негизинде судьялардын  жүктөмү көбөйүп,  ошондой эле имараттын абалына жана жумушчу кабинеттердин жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурулгандыгы белгиленди.


Жогорку соттун төрагасы иштерди кароодо белгиленген мөөнөттөрдүн бузулушуна жол бербөөнү, анын ичинде жер тилкелерин камакка алууга, талаштуу жерлерге жана башка ушул сыяктуу иштерге байланыштуу маселелерди өз убагында кароону тапшырды.


Белгилүү болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мурда жеке колго өткөрүлгөн участокторду жана жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча бир катар иштер соттордо каралып,  чечимдер  кабыл алынган.


Медербек Сатыев сот бийлигинин көз карандысыздыгы жөнүндө сөз кылып жатып, адилеттүүлүктү ишке ашырууга кандайдыр бир кийлигишүүгө жана сотторго кысым көрсөтүүгө таптакыр жол берилбестигин баса белгиледи. Мындай кырдаалдар пайда болгон учурда, тиешелүү чараларды көрүү үчүн дароо маалымдоо тапшырмасы берилди.


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей турганын өзгөчө белгилеп, ар бир сот кызматкери мыйзамдын нормаларын так сактоого милдеттүү экенин эскертти.


Жыйналыштын соңунда, Медербек Сатыев Чүй облусунун Административдик сотунун судьялары менен аппарат кызматкерлери  жана Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышты.


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...