Бул тууралуу бүгүн, 2024-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда өткөн кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Кара-Суу райондук сотунун ишмердүүлүгү тууралуу жыйында төрага Эрлан Асанов кенен маалымат берди. Бир жылга жакын убакытта «Сот» АМТ системасында 7 миңден ашык иш катталганы, системадан сырттан келген кадрлар эмгек жолун курьердик иш менен баштап, андан ары өз жөндөмдүүлүгү менен кызматка көтөрүлөөрү маалымдалды. Ошондой эле соттук аткаруу боюнча таблицалык схема боюнча көзөмөл жүргүзүлүп жатканы айтылды. Эрлан Асанов айлыктын аздыгынан улам кенже жана техникалык кызматкерлердин арасында кадрлардын алмашуусу жогору экенин айтты.
Ошону менен бирге, 1977-жылы курулган имаратта жумушчу кабинеттердин жетишсиздиги курч болгондуктан, соттун короосуна канцелярия жайгашкан эки контейнер орнотууга аргасыз болгондугу баса белгиленди.
Медербек Сатыев Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматовду жаңы административдик сот имаратынын курулушун создуктуруп жатканы үчүн сынга алды. Анткени, тендер аяктагандан тартып пайдаланууга берилгенге чейин эки жыл өтүп, келишимде каралган графиктен артта калып жаткандыгы анык болду.
Жогорку сот органынын башчысы аталган район калк жыш жайгашкан райондордун бири экенин белгилеп, судьялардын жүгүн азайтып, талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте чечүүгө багытталган институттар менен иш алып барууну тапшырды.
«Жарандардын талаш-тартыштарын сотко чейинки тартипте тез арада чечүү үчүн судьялардын жүгүн азайтуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Эгерде талаш-тартыштарды сот залына чейин чечүү мүмкүн болсо, анда жарандардын талаш — тартыштарын жөнгө салууга чакырылган институттарды өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү зарыл», — деди Медербек Сатыев.
Эрлан Асанов судьялар тарабынан аксакалдар сотторунун ишине байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып, алардын ыйгарым укуктарын күчөтүү каралганын, бул судьялардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берерин билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө улук сот аткаруучу ушул жылдын тогуз айында сот чечимдеринин аткарылышы 64% ды түзгөнүн билдирди. Аткаруу көрсөткүчтөрүн жогорулатуу тапшырмасы берилди.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Медербек Сатыев жакын арада сотко кайрылган жарандардын арасында онлайн сурамжылоо тууралуу маалымат камтылган стенд орнотуларын айтып, бардыгын ак ниеттүүлүк менен толук кандуу иштөөгө чакырды.
Кара-Суу райондук сотунун кызматкерлеринин эмгек шарттары менен таанышкандан соң, Медербек Сатыев жаңы имарат курулуп жаткан жерге жөнөп кетти.